Окуу-методикалык иш (магистратура) - Борбордук кампус

Окуу-методикалык иш (магистратура)

Окуу-усулдук иштер

«Философия» багыты боюнча бакалаврларды жана магистранттарды даярдоо программасынын ишке ашырылышы кафедрага бекитилген бардык дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстердин кафедрада бар болушу менен камсыз кылынат. Окуу-методикалык комплекстердин негизги бөлүмдөрү:

  1. Окуу-методикалык программа;
  2. Жумушчу программа;
  3. Силлабус;
  4. Магистранттардын өз алдынча иши;
  5. Баалоо каражаттарынын фонду;

2008-жылдан тартып кафедранын окутуучулары чыгармачыл, интерактивдүү окутууну өнүктүрүү милдетидин алкагында «Чыгармачыл окуу жана интеллектуалдык оюндар» форматында окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгып, басып чыгарышууда. Бул комплекс – философия жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар боюнча силлабустардын, интеллектуалдык маселелердин, чыгармачыл тапшырмалардын жана поэтикалык материалдардын жыйнагы болуп саналат: «Чыгармачыл окуу: Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер боюнча интеллектуалдык оюндар». Окуу-методикалык комплекс.

Философиянын жаңы багыттар аралык чөйрөлөрү боюнча окуу-методикалык комплекстер иштелип чыккан: «Эл аралык мамилелердин философиясы», «Саясаттын жана экономиканын философиясы», «Менеджменттин жана дүйнөлүк саясаттын философиясы», «ЖМК жана интернет философиясы», «Эл аралык укуктун философиясы», «Этностор аралык кагылышуулар жана маданияттар аралык диалог».