Архив - Борбордук кампус

Архив

Архив — бул «КЭАУ» ОИӨК жогорку окуу жайынын архивдик документтерин кабыл алууну жана сактоону жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмү.

Архивдин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Архивди курамы архив жөнүндөгү жободо каралган документтер менен толуктоо;
  • Документтерди эсепке алуу жана алардын сакталышын камсыз кылуу;
  • Архивдик документтер үчүн илимий-маалымдама аппаратын түзүү;
  • Архивде сакталган документтерди пайдалануу.

 

Негизги милдеттерди аткаруу максатында архив төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

  • Уюмдардын жана (же) уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмесин жүргүзөт;
  • Уюмдун жана уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тартипке келтирилген документтерин кабыл алат;
  • Архивге кабыл алынган документтерди эсепке алат жана алардын сакталышын камсыз кылат;
  • Уюмдун жетекчилерине жана түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалыматтык кызмат көрсөтүүнү уюштурат, уюмдардын жана жеке жактардын суроо-талаптары, анын ичинде жарандардын социалдык-укуктук суроо-талаптары боюнча документтердин пайдаланылышын жүзөгө ашырат;
  • Түзүмдүк бөлүмдөргө документтер менен иштөөдө усулдук (методикалык) жана практикалык жардам көрсөтөт;
  • Архив кызматкерлеринин жана башкарууну документтик камсыздоо кызматынын жумушчуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышат.