Магистранттардын илимий-изилдөө иштери - Борбордук кампус

Магистранттардын илимий-изилдөө иштери

Магистранттардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн жалпы милдеттери

Магистранттардын илимий-изилдөө иши (ИИИ) — алган билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн практикада колдоно билген, жогорку билимдүү кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуунун эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналат. Магистранттарды илимий-изилдөө иштерине тартуу алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын азыркы илимдин актуалдуу маселелерин чечүүдө колдонууга мүмкүндүк берет.

«Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨКнын магистранттарынын илимий-изилдөө иштеринин негизги милдеттери төмөнкүлөр:

  • Илимий таануу ыкмаларын өздөштүрүү, окуу материалдарын терең жана чыгармачылык менен кабыл алуу;
  • Илимий маселелердин өз алдынча чечүү методикасына, каражаттарына жана жамаатта (коллективде) иштөө көндүмдөрүнө үйрөтүү; алардын иштерин уюштуруу методдору менен тааныштыруу;
  • Магистранттардын илимий жыйынтыктарды сабаттуу тариздөө (оформление) жана сунуштоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

Магистранттардын илимий-изилдөө иши окуу процессинин уландысы жана тереңдетилиши болуп саналат жана түздөн-түз кафедраларда уюштурулат. Илимий-изилдөө иштерине жетекчиликти ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамы жүргүзөт.

Магистранттардын илимий-изилдөө иштери, окуу процессине киргизилген, окуудан тышкары убакта аткарылуучу жана окуу процесси менен параллелдүү жүргүзүлүүчү илимий-изилдөө иштерине бөлүнөт.

Окуу процессине киргизилген магистранттардын илимий-изилдөө иштери төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Илимий изилдөөлөрдүн элементтерин камтыган тапшырмаларды, бүтүрүүчү квалификациялык иштерди (магистрдик диссертацияларды) аткаруу;
  • Практика өтүү мезгилинде илимий-изилдөө мүнөзүндөгү конкреттүү, типтүү эмес тапшырмаларды аткаруу;
  • Атайын курстардын алкагында илимий изилдөөлөрдүн методикасынын, коюлушунун, уюштурулушунун жана аткарылышынын теориялык негиздерин, илимий экспериментти пландаштырууну жана уюштурууну, илимий маалыматтарды иштеп чыгууну үйрөнүү.

Окуу процессине параллель жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштери

магистранттардын «Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨКнын кафедраларынын ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарылуучу жеке пландар боюнча иштөөсүн болжолдойт.

Магистранттардын окуудан тышкары убакта аткарылуучу илимий-изилдөө иштери илимий-изилдөө жана илимий-педагогикалык практикалар түрүндө, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги (жогорку окуу жайлар аралык, аймактык, эл аралык) илимий иш-чараларга катышуу аркылуу уюштурулат. Аларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн: илимий семинарлар, конференциялар, симпозиумдар, дисциплиналар боюнча олимпиадалар жана магистранттардын илимий жана окуу-изилдөө иштеринин конкурстары.