- Борбордук кампус факультети
- Докторантура (PhD)
- Магистрдин деканаты
- Билим берүү бөлүмү
- Мониторинг жана сапат бөлүмү
- Эл аралык бөлүм
- Маданий-билим берүү жана тарбиялык иштер борбору
- Илим бөлүмү
- Маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү бөлүмү
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү кызматы
- Инновациялык дистанттык окутуу факультети
- Кызматкерлерди башкаруу бөлүмү
- Эсеп-кысап бөлүмү
- Илимий китепкана
- Өнүктүрүү бөлүмү
- Техникалык тейлөө бөлүмү
- Ден соолукту чыңдоо комплекси
- Архив
Кызматкерлерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы
Абдрахманова Айгуль Турсуновна
Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көчөсү 17А/1, 307-иш бөлмөсү
Телефону: +996 312 64 23 37
электрондук дареги (email): okunpkmuk@mail.ru
Кызматкерлерди башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Туратбекова Жанылмырза Туратбековна
Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көчөсү 17А/1, 304-иш бөлмөсү
Телефону: +996 312 64 23 36
электрондук дареги (email): okunpkmuk@mail.ru
Улук инспектор
Артыкбекова Мээрим Артыкбековна
Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көчөсү 17А/1, 307-иш бөлмөсү
Телефону: +996 312 64 23 37
электрондук дареги (email): okunpkmuk@mail.ru
Улук инспектор
Мелисбек кызы Анаркалий
Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көчөсү 17А/1, 202-
иш бөлмөсү
Телефону: +996 312 64 23 36
электрондук дареги (email): okunpkmuk@mail.ru
Инспектор
Байходжоева Адель Муратбековна
Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көчөсү 17А/1, 202-иш бөлмөсү
Телефону: +996 312 64 23 36
электрондук дареги (email): okunpkmuk@mail.ru
Кызматкерлерди башкаруу бөлүмүнүн негизги максаты – бул университеттин ишмердүүлүгүндө эң жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн жогорку натыйжалуу жана өндүрүмдүү команданы түзүү болуп саналат. Кызматкерлерди башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин уюштуруу чараларынын бүтүндөй комплекси, таразаланган чечимдери жана сабаттуу кадамдары университеттин ар бир кызматкеринин эмгегин натыйжалуу уюштурууну жана карьералык өсүшүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасындагы алдыңкы университет статусун камсыз кылуу максатында, «КЭАУ» ОИӨКга жумушка кабыл алуунун эң маанилүү шарттарынын бири — кесипкөйлүк, ишенимдүүлүк, компетенттүүлүк жана интеллект болуп саналат.
Кызматкерлерди башкаруу бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери — бардык багыттардын миссияга, корпоративдик баалуулуктарга жана университеттин кадр саясатынын стратегиялык багыттарына шайкеш келиши, кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн өсүшүн жана алардын эмгегин мотивациялоону камсыз кылууга багытталышы.
- «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин кадр саясаты жөнүндө жобосу
- «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин кызматкерлерди башкаруу бөлүмү жөнүндө жобосу
- КББ кызматкерлеринин кызматтык нускамалары
Бөлүмдүн негизги милдеттери:
- Жогорку окуу жайын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилик курамын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу;
- Университеттин миссиясына, учурдагы пландарына жана адам ресурстарын башкаруунун заманбап концепцияларына ылайык, ЖОЖдун бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу;
- Эмгек мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу;
- Кадрлар резервинин калыптанышына системалуу түрдө талдоо (анализ) жүргүзүү;
- Окутууга болгон муктаждыкты аныктоо, кызматкерлерди окутуу жана өнүктүрүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу процессин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- ЖОЖдун кызматкерлери тарабынан эмгек тартибинин сакталышын камсыз кылуу;
- Түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине усулдук (методикалык) жардам көрсөтүү.
Бөлүм төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Учурдагы кадрдык потенциалды, ошондой эле университеттин максаттары менен милдеттерин эске алуу менен кадрларга болгон учурдагы жана келечектүү муктаждыктарды пландаштыруу;
- Кызматкерлерди тандоонун бирдиктүү критерийлерин аныктоо жана иштеп чыгуу: квалификациялык мүнөздөмөлөрдү талдоо жана кызмат орундарына квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу;
- Бош кызмат орундарын ээлөөгө тандоолорду уюштуруу жана өткөрүү;
- Университеттин өздүк курамынын эсебин алуу;
- Кадрлар резервин түзүү, кесиптик жана лидерлик потенциалы бар кызматкерлерди өнүктүрүү;
- Университеттин түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кызматкерлердин окууга болгон муктаждыктарын талдоо;
- Кызматкерлердин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу, университетте этикалык стандарттарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү ченемдерди жана эрежелерди киргизүү;
- Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кызматкерлерди жумушка алууну, которууну жана жумуштан бошотууну, ошондой эле кадрлар боюнча белгиленген башка иш кагаздарын өз убагында тариздөөнү камсыз кылуу;
- Эмгек келишимдерин түзүүнү жана тариздөөнү уюштуруу;
- Эмгек китепчелерин жүргүзүүнү жана сактоону уюштуруу;
- программалык камсыздоону – “AVN” автоматташтырылган маалыматтык тутумун пайдалануу менен кадрлардын сандык жана сапаттуу курамы жөнүндө маалыматтар банкын түзүү жана жүргүзүү;
- Жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзүүнү уюштуруу;
- Кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн графигин түзүү;
- Иш сапарларды (командировкаларды) тариздөө жана эсепке алуу;
- Кадрлар боюнча иш кагаздарын системалаштыруу, кадрдык жана жалпы университеттик иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттарын киргизүү;
- Өз ыйгарым укуктарынын алкагында буйруктардын долбоорлорун, ошондой эле маалымкаттарды жана башка документтерди даярдоо;
- Ведомстволук, өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүүчү кызматкерлердин документтерин даярдоо;
- Университеттин кызматкерлери тарабынан ички эмгек тартибинин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө;
- Белгиленген кадрдык отчеттуулукту жүргүзүү.
