ЭАММдин мониторинг жана сапат сектору - Борбордук кампус

ЭАММдин мониторинг жана сапат сектору

Бөлүмдүн максаты:

Билим берүүнүн сапат тутумундагы иштердин иш жүзүндөгү абалы жөнүндө маалыматтарды мониторинг жүргүзүүнү, чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону камсыз кылуу.

Бөлүмдүн милдеттери:

  • Керектөөчүлөрдүн жана башка кызыктар тараптардын канааттануусун жогорулатуу үчүн ЭАММдин  билим берүү, илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнө карата сапат менеджменти системасынын (СМС) иштешин колдоо жана өркүндөтүү;
  • ЭАММдин ишмердүүлүгүн мониторинг жүргүзүүнүн ыкмаларын, куралдарын жана процедураларын иштеп чыгуу, киргизүү жана өркүндөтүү;
  • Билим берүүнүн сапатын пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлдөө, ошондой эле өнүгүү динамикасына жана тенденцияларына көз салуу;
  • Ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын аккредитациялоо процедурасын коштоо;
  • ЭАММдин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана процесстердин ички аудиттерин жана өзүн-өзү баалоосун жүргүзүү, отчетторду даярдоо;
  • Түзүмдүк бөлүмдөргө кеӊеш берүүчү-маалыматтык көмөк көрсөтүү;
  • Жетекчиликти маалымдоо жана ЭАММдин жетишкендиктери жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды жайылтуу;
  • Мониторинг жүргүзүүдөгү жана сапатты башкаруудагы заманбап багыттарды изилдөө;
  • Билим берүүдөгү сапат менеджменти тутуму боюнча маалыматтык, методикалык жана маалымдама материалдарын иштеп чыгуу;
  • Процесстердин ишке ашырылышын ISO стандартынын талаптарына шайкештигин көзөмөлдөө;
  • Сапат менеджменти чөйрөсүндө ЭАММдин кызматкерлеринин маалымдуулук жана компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатуу.