Маданий-билим берүү жана тарбиялык иштер борбору - Борбордук кампус

Маданий-билим берүү жана тарбиялык иштер борбору

Абдыкалыков Нуржигит Абдилакимович

Уюштуруу-тарбия иштери боюнча координатор

 

Адрес: г. Бишкек, ул. Л. Толстого 17/1 2 этаж, кабинет 212/1
Телефон: 64-11-13
E-mail: nurjigit.abdykalykov@iuk.kg

 

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенттик турмушу

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин Студенттик кеңеши 2018-жылдын 2-декабрында ар кайсы факультеттердин активист студенттери тарабынан жалпы чогулушта, «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин уюштуруу-тарбия иштери боюнча координатору Абдыкалыков Нуржигит Абдилакимовичтин колдоосу менен түзүлгөн.

Студенттик кеңеш — бул студент жаштардын жашоо ишмердүүлүгүндөгү маанилүү маселелерди чечүүгө, алардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган студенттердин демилгелүү, өз алдынча ишмердүүлүгүнүн өзгөчө формасы.

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенттик кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги максаттары жана милдеттери:

  • Университеттин миссиясын аткаруу;
  • Студенттердин жарандык маданиятын жана активдүү турмуштук позициясын калыптандыруу, алардын социалдык жоопкерчилигин, өз алдынчалыгын, өзүн-өзү уюштуруу жана өзүн-өзү өнүктүрүү жөндөмдүүлүгүн, өзүн-өзү башкаруу билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • «Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨК КэББМдин администрациясына көмөк көрсөтүү;
  • Студенттердин коомдук маанилүү демилгелерин ишке ашыруу;
  • Студенттердин илимий, чыгармачылык жана уюштуруучулук дараметин өнүктүрүү;
  • Студенттердин жеке, кесиптик жана илимий кызыкчылыктарын эске алуу менен билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Факультеттер аралык жана жогорку окуу жайлар аралык байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү.