Кабыл алуу жөнүндө - Борбордук кампус

Кабыл алуу жөнүндө

«КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ» ОИӨК КЭББМдин PhD ДОКТОРАНТУРАСЫНА КАБЫЛ АЛУУ

“Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык PhD/профиль боюнча докторантура) уюштуруу жана философия докторунун /профили боюнча доктордун квалификациясын төмөнкү багыттар боюнча берүү тартиби жөнүндө жоболордун” негизинде ишке ашырылат:

  • 530100 Философия
  • 530200 Саясат таануу
  • 530500 Юриспруденция
  • 530800 Эл аралык мамилелер
  • 531000 Филология
  • 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (Педагогика)
  • 561000 Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина
  • 580100 Экономика
  • 580200 Менеджмент
  • 710100 Компьютердик жана маалыматтык технологиялар

Окууга тапшыруу үчүн талапкер “магистр” же “адист” диплому менен тастыкталган жогорку кесиптик билими болушу керек (5 жылдык окуу)

PhD/профиль боюнча базалык докторантурага кабыл алуу жана докторантурага кирүү сынактарын уюштуруу жыл сайын 20-августтан 10-октябрга чейин конкурстук негизде өткөрүлөт.

Докторантурага кирүү сынактары 10-октябрдан 20-октябрга чейин өткөрүлөт.

Магистратура/адистиктин бүтүрүүчүлөрү үчүн белгиленген учурдагы программалардын кирүү сынактары төмөнкүлөрдө өткөрүлөт:

  • чет тили боюнча;
  • даярдоо багытынын дисциплинасы боюнча

PhD докторлук программаларына кабыл алуу багыты боюнча кирүү сынактарынын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

Тапшыруу үчүн документтерди PDF форматында электрондук почтага жөнөтүү керек:

E-mail:: phd.muk@gmail.com

Дареги: Бишкек ш. 720007, Лев Толстой көч. 17A/1,

Байланыш маалыматтары:

0312 641207, 0312 642341

 996 507010502

Докторантурага (PhD) тапшыруу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси

  • арыз;
  • “магистр” квалификациясы же адистиги боюнча же “адис” багыты боюнча жогорку билим жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • паспорт (өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөсү), аскердик билет (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) арыз тапшырууда жеке өзү көрсөтүлөт;
  • электрондук түрдөгү анкета (университеттин)
  • кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча, эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган (эмгек стажы бар адамдар үчүн);
  • өлчөмү 3,5х4,5 см болгон төрт түстүү сүрөт;
  • 086-У формасындагы медициналык маалымкат;
  • диссертациянын алдын ала тематикасынын кыскача негиздемеси (эгер бар болсо);
  • Илимий жетекчинин илимий жетекчиликке жазуу жүзүндөгү макулдугу (эркин формада);
  • илимий жана илимий-методикалык иштердин тизмеси (эгерде бар болсо).

Докторантурада (PhD) окуу үчүн төлөм

  • Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн — 150 000,00 сом
  • АК «КЭАУ» кызматкерлери үчүн — 100 000,00 сом
  • Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина — 160 000,00 сом
  • АК «КЭАУ» кызматкерлери үчүн «Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина» багыты — 120 000,00 сом
  • Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жарандары үчүн — 230 000,00 сом
  • КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык келишимге кирбеген жарандары үчүн — 270 000,00 сом
  • Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн жарандары үчүн — 320 000,00 сом
  • Европанын, АКШнын өнүккөн өлкөлөрүнүн жарандары үчүн — 320 000,00 сом