Ден соолукту чыңдоо комплекси - Борбордук кампус

Ден соолукту чыңдоо комплекси

Спорт комплекси

 Спорт комплексинин расмий ачылышы 2018-жылдын 12-майында болгон, ал Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 17А/1 дарегинде жайгашкан.

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин 1-курсунун студенттери үчүн сабактар Борбордук кампустун Спорт комплексинде өткөрүлөт. Ошондой эле бул жерде баскетбол, волейбол, футбол, шахмат жана тогуз коргоол боюнча секциялар уюштурулган. Бүгүнкү күндө бизде 3 Спорт чебери (Мастер спорта) жана 6 Спорт чеберине талапкер (КМС) билим алууда.

Спорт комплекси окуу процессин ишке ашыруу үчүн акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалган:

  • 2 чечинүүчү бөлмө (эркектер жана кыз-келиндер үчүн): ар бир чечинүүчү бөлмөдө душ бар жана алар 43-44 студентке ылайыкташтырылган;
  • Медициналык кабинет: 2 кишилик керебет менен жабдылган, биздин бардык студенттер жана кызматкерлер зарылчылыкка жараша кайрылып турушат;
  • Кафедра;
  • Машыгуу залы: экинчи кабатта жайгашкан, кызматкерлер жана студенттер үчүн кирүү акысыз;
  • Фитнес залы: бул дагы экинчи кабатта жайгашкан, бул жерде биздин студенттер ар кандай иш-чараларга даярданышат;
  • Спорт залы: бардык керектүү инвентарлар бар, трибуналар 500 кишиге ылайыкталган. Бул жерде биз жана профессордук-окутуучулук курам (ПОК) арасында, ошондой эле ЖОЖдор аралык, ЖОЖ ичиндеги жана факультеттер аралык ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүп турабыз.