Биз жөнүндө - Борбордук кампус

Биз жөнүндө

Кулалиева Гульзат Тулегеновна

PhD докторантура жана аспирантура

жогорку мектебинин директору

 

PhD юриспруденция, доценттин м. а.

Байланыштар:

  • Дареги:Бишкек ш., Л.Толстой к., 17А/1, 3-кабат, №308 иш бөлмөсү
  • Телефондору: +996 312 64 12 07
  • E-mail: gulzat@iuk.kg

Алиева Малика Алыбековна

PhD докторантура жана аспирантура

жогорку мектебинин директорунун

орун басары

 

PhD филология, доценттин м. а.

Байланыштар:

  • Дареги:Бишкек ш., Л.Толстой к., 17А/1, 5-кабат, №508 иш бөлмөсү
  • Телефондору: +996 312 64 23 41
  • E-mail: malika.alieva@iuk.kg

Аспирантура жана PhD докторантурасы Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨК КэББМдин илимий жана илимий-педагогикалык жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоочу структуралык бөлүмү болуп саналат.

PhD докторантурасынын миссиясы – заманбап глобалдык тенденциялардын шартында коомдун өнүгүшү үчүн илимий натыйжаларга жетишүү үчүн изилдөөчүлөрдү даярдоо.

PhD докторантурасынын максаты – өлкөнүн өнүгүү перспективаларын эске алуу менен, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана коомдун прогрессивдүү илимий-техникалык, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү, жогорку руханий-адеп- ахлактык сапаттарга ээ, атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 15-июлундагы №G2021-0005 лицензиясы 10 багыт боюнча берилген жана улуттук аккредитациядан өткөндүгү тууралуу сертификаты бар. Докторантурада окутуу күндүзгү окуу түрүндө жүргүзүлөт, аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга жол берилет. PhD/профиль боюнча базалык докторантуранын билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөтү 3 жылдан кем эмес. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийинки докторантура билим берүү программасын өздөштүргөн жана доктордук диссертациясын коргогон адамдарга философия доктору PhD/профиль боюнча доктор квалификациясы ыйгарылат. PhD докторанттары, окутуучулар жана изилдөөчүлөр үчүн окуудан өтүү, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү илимий-изилдөө такшалмалары, илимий-педагогикалык практикалар боюнча академиялык алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн өлкөлөр: Казакстан, Грузия, Индонезия, Латвия, Түркия, Бельгия, Индия, Иран, Япония, Россия, Тажикстан жана башкалар.

Кыргызстан эл аралык университетинин PhD докторантурасы 10 билим берүү программасы боюнча кабыл алууну жүргүзөт:

Аспирантура и докторантура PhD является структурным подразделением НОУ УНПК «Международный университет Кыргызстана» для подготовки научных и научно-педагогических кадров высшей квалификации.
Миссией докторантуры PhD является подготовка исследователей для достижения ими научных результатов во благо развития общества в условиях современных глобальных тенденций.
Целью докторантуры PhD является подготовка с учетом перспектив развития страны конкурентоспособных высококвалифицированных научно- педагогических и научных кадров с высокими духовно-нравственными качествами, способных к самостоятельному мышлению и обеспечению прогрессивного научно-технического, социально-экономического и культурного развития общества.
Лицензия Министерства образования и науки КР №G2021-0005 от 15 июля 2021 года выдана по 10 направлениям, и имеют сертификат о прохождении национальной аккредитации
Обучение в Докторантуре осуществляется по очной форме, допускается применение дистанционных образовательных технологий.
Срок освоения образовательной программы базовой докторантуры PhD/пo профилю составляет не менее 3 лет. Лицам, освоившим образовательную программу послевузовского образования докторантуры и защитившим докторскую диссертацию, присуждается квалификация доктора философии PhD/доктора по профилю.
Страны, с которыми заключены договоры по академическому обмену докторантами PhD, преподавателями и исследователями для прохождения обучения, краткосрочных и долгосрочных научно-исследовательских стажировок, научно-педагогических практик: Казакстан, Грузия,  Индонезия, Латвия,  Турция, Бельгия, Индия, Иран, Япония, Россия, Таджикистан и другие.
Докторантура PhD УНПК «Международный университет Кыргызстана» осуществляет набор по 10 образовательным программам:

530100 Философия

530200 Саясат таануу

530500 Юриспруденция

530800 Эл аралык мамилелер

531000 Филология

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (Педагогика)

580100 Экономика

580200 Менеджмент

710100 Компьютердик маалыматтык технологиялар

561000 Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина