Ишеним кутучасы - Борбордук кампус

Ишеним кутучасы

Укукка жат жана мыйзамга каршы аракеттердин, административдик жана башка укук бузуулардын, кызматтык абалды пайдалануунун, анын ичинде психологиялык кысым көрсөтүүнүн жана коррупциялык аракеттердин алдын алуу максатында «КЭАУ» ОИӨК КэББМ «Ишеним кутучалары» жана «Ишеним телефону» орнотулган.

«Ишеним кутусу» университеттин ар бир кампусунда камералардын көзөмөлүнөн тышкары жерге орнотулган жана анонимдүүлүккө кепилдик берет. Даттануулар жана сунуштар боюнча кайрылуулар бардык кызыкдар тараптардан келип түшүшү мүмкүн, алар кол коюлган, бардык байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн же анонимдүү болушу мүмкүн.

Арыз ээси төмөнкү электрондук дарек боюнча да кайрыла алат: nocorruption@muk.iuk.kg.

Университеттин расмий сайтында «Ишеним телефону» жайгаштырылган. Кайрылуулар +996 312 64-23-55 телефон номери аркылуу иш убактысында кабыл алынат.