Студенттин эсине
Билимди баалоонун модулдук баллдык-рейтингдик системасын колдонуу жана студент сессияны кантип “автоматтык” түрдө ала ала тургандыгы боюнча эскертме.
Бакалавр деген эмне?
Бакалавр – активдүү кесиптик ишмердүүлүккө жөндөмдүү, зарыл болгон кеңири билимге, билгичтикке ээ жана практикалык ишмердүүлүккө даяр адис.
Компетенттүүлүк – бул кайсы багытта болбосун алынган билимдерди, жана көндүмдөрдү практикада колдонууга дайыма даяр жана жөндөмдүү болуу.
Компетенциялар окуу процессинде, ЖОЖду аяктагандан кийин аттестациядан өтүүдө, жумушка кабыл алууда, квалификацияны жогорулатуу зарылдыгын аныктоодо жана компетенцияларды актуалдаштырууда билинет.
Демек, компетенция – жумуш берүүчүгө түшүнүктүү категория, ал эми окутуунун натыйжасы – окутуучуга түшүнүктүү категория.
Студенттердин компетенция деңгээлин баалоо ар бир дисциплина боюнча билимди жана окутуунун натыйжаларынын деңгээлин баалоо болуп саналат.
Анда сен:
«Окуп жаткандар: билим берүү программасын жоопкерчиликтүүлүк менен өздөштүрүүгө, жеке окуу планын аткарууга, анын ичинде окуу планында же жеке окуу планында каралган окуу сабактарына катышууга, сабактарга өз алдынча даярданууга, билим берүү программасынын алкагында педагогикалык кызматкерлер тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууга» милдеттүүсүң жана Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамын билишиң керек.
Университеттин миссиясы – «Жаңы билимдерди жаратуу аркылуу келечектеги ишмердүүлүгүнө кесипкөйлөрдү даярдоо, коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоого жана көбөйтүүгө көмөктөшүү».
Билим берүү программасынын максаттары бүтүрүүчүгө тандалган иш чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген, анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө өбөлгө түзгөн ар тараптуу жана предметтик-адистештирилген компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берген кесиптик билим алууну аныктайт.
Бүтүрүүчү негизги билим берүү программасынын максаттарына жана кесиптик ишмердүүлүктүн милдеттерине ылайык, ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча (өндүрүштүк-технологиялык, уюштуруу-башкаруу, илимий-изилдөө, долбоордук жана башка) универсалдуу (жалпы илимий, инструменталдык, социалдык-инсандык, жалпы маданий) жана кесиптик компетенцияларга ээ болууга тийиш.
Окуунун натыйжасы – бул кесиптик жана жалпы маданий компетенцияларга (же башка компетенциялар тобуна) интеграцияланган, билимдердин, билгичтиктердин жана тажрыйбага ээ болуунун жана аларды иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн жыйындысы, суммасы жана бүтүрүүчү программа боюнча окугандан кийин эмне кыла ала тургандыгынын (көрсөтө ала тургандыгынын) сүрөттөлүшү болуп саналат.
Университетте окутуунун жыйынтыктарына объективдүү баа берүү үчүн модулдук баллдык-рейтингдик система (мындан ары – БРС) киргизилген.
Укук ченемдик документтер:
2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 КР «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы; «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенттеринин билимин баалоонун модулдук баллдык-рейтингдик системасы жөнүндө жобо;
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенттеринин окуу жетишкендиктерин баалоонун баллдык-рейтингдик системасын жүргүзүү боюнча окутуучуга нускама;
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенттин өз алдынча ишин (СӨАИ жана СОӨАИ) уюштуруу жана жүргүзүү боюнча методикалык сунуштар;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2009-жылдын 6-августундагы № 824/1 буйругу менен бекитилген ESTS жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар.
Модулдук баллдык-рейтингдик система (МБРС) деген эмне?
Модулдук баллдык-рейтингдик студенттердин окуу жетишкендиктерин баалоо системасы – бул студенттердин билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатынын деңгээлин камсыз кылган иш-чаралардын комплекси.
Бардык предметтер боюнча сиздин жетишкендиктериңиз модулдук баллдык-рейтингдик системада бааланат.
Баа 100 баллдык шкала боюнча: окуу ишинин айрым түрлөрү, дисциплина, модулдар боюнча коюлат.
Ар бир дисциплина студенттердин логикалык билиминин аякташы болуп саналган модулдарга бөлүнөт. Студенттердин билим деңгээли балл менен бааланат.
Ар бир дисциплина боюнча алынган баллдардын негизинде студент рейтингде белгилүү бир позицияны ээлейт, ал семестр үчүн топтолгон баллдардын жалпы суммасынын орточо арифметикалык жыйынтыгы болуп саналат. Предмет боюнча жыйынтыктоочу баа алынган баллдардын суммасы болуп саналат жана экзамендеги жооп үчүн гана эмес, семестр ичиндеги учурдагы иштин жыйынтыгы боюнча да коюлат.
Демек, окуунун биринчи күндөрүнөн баштап ишке киришүү керек – ар бир семестрдин башынан баштап балл топтоо керек, антпесе семестрдин башында жоготулган баллдарды (текшерүү иштери, үй тапшырмалары, сабакка катышуу ж. б. үчүн) кийин кайтарып алуу мүмкүн эмес, анда жогорку баа алуу мүмкүн болбой калат.
