Жаңылыктар - Борбордук кампус

КЭАУ ОИӨК жана Сэм Хьюстон мамлекеттик университети!

КЭАУ ОИӨК эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө дагы бир маанилүү кадам жасады! 22-июлда АКШнын Хантсвилл шаарындагы Сэм Хьюстон мамлекеттик университети менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга расмий түрдө кол коюлду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келечектеги биргелешкен кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты: Студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары; Биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун жана илимий конференцияларды уюштуруу; Билим берүү программаларын […]

SCOU Future Builders Camp 2026

«Кыргызстан эл аралык университети» ОӨИКнын магистратура деканатынын жана илим бөлүмүнүн кызматкерлери кытайдын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Xi’an Jiaotong University тарабынан уюштурулган эл аралык билим берүү «Future Builders Camp: Econ, Finance and Culture Connect – 2026»  программасы боюнча окууну ийгиликтүү аякташты. Программанын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар кытайдын экономикасынын заманбап жетишкендиктери, инновациялык технологиялары, […]

Кыргызстан Эл Аралык Университетинин өкүлдөрү Кытайдагы эл аралык программаны ийгиликтүү аякташты

Кыргызстан Эл аралык университетинин кызматкерлери жана студенттери Кытай Эл Республикасынын Xi’an Jiaotong University тарабынан уюштурулган Silk Road AI Summer Camp 2026 эл аралык билим берүү программасын ийгиликтүү аякташты. Программа жасалма интеллект, инновациялык технологиялар жана эл аралык академиялык кызматташтык багыттарына арналган. Эки жумалык окуу программасынын алкагында катышуучулар жасалма интеллект, робототехника, интеллектуалдык өндүрүш, биомедицина, материал таануу жана […]

Эл аралык мүмкүнчүлүктөргө бай жай!

Бул жай биздин студенттер үчүн жаңы билимдерге, жаркын таасирлерге, эл аралык баарлашууга жана баалуу тажрыйбага бай мезгил болду. Жалпысынан университетибиздин 27 студенти Россиянын алдыңкы университеттеринин базасында өткөн билим берүү программаларына катышты. 🎓 Биздин студенттер төмөнкү долбоорлордун катышуучулары болушту: 🔹 Россиянын биринчи Президенти Б. Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети (Екатеринбург шаары) – 17 студент; 🔹 […]

КЭАУнин докторанттары ТЭАУнин илимий-изилдөө стажировкасынан өтүштү

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кыргызстан Эл Аралык университетинин докторанттары Ташкент Эл Аралык Университетинде илимий-изилдөө стажировкасынан ийгиликтүү өтүштү. Стажировка учурунда катышуучулар заманбап илимий изилдөө ыкмалары менен таанышып, илимий семинарларга жана талкууларга катышып, чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашып, кесиптик жана академиялык байланыштарын чыңдашты. Бул стажировка докторанттардын кесиптик өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп, алардын илимий-изилдөө компетенцияларын өркүндөтүүгө, эл […]

«КЭАУ» ОИӨК ТАРЫХЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ!

Бүгүн биз Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон биринчи чет өлкөлүк магистранттарыбызды мамлекеттик жыйынтыктоочу экзаменди ийгиликтүү тапшырып, магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү коргогону менен сыймыктануу менен куттуктайбыз! Сиздер «КЭАУ» ОИӨКтагы эл аралык билим берүүнүн биринчи жолу жаңы барагын ачкан бүтүрүүчүлөр болдуңуздар. Артыңыздарда — талыкпаган эмгек жана изденүү жылдары, ал эми алдыңыздарда — жаңы жетишкендиктер жана кесиптик ийгиликтер күтүп […]

ШКУ академиктеринин III Форумунан ыраазычылык кат

2026-жылдын 2-3-июлунда Кыргызстан эл аралык университети, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы жана Сиань Цзяотун университети тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жашыл энергетика боюнча академиктеринин III Форуму болуп өттү. Форумдун алкагында узак мөөнөттүү стратегиялык мааниге ээ болгон демилгелер ишке ашырылды: «Таза энергия жана энергияны сактоо» кыргыз-кытай биргелешкен лабораториясы ачылды, «Бир алкак, бир жол» […]

“Жайкы Университет – 2026” үчүн багыттоо

Бүгүн «Жайкы университет – 2026» эл аралык билим берүү программасынын катышуучулары менен багыттоочу жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө студенттер алдыдагы сапардын программасы, уюштуруу маселелери менен таанышып, окуу башталганга чейин бардык керектүү маалыматтарды алышты. Быйыл катышуучулар Россиянын үч алдыңкы университетинин базасында билим алышат: 📍 Урал федералдык университети (УрФУ); 📍 Сибирь федералдык университети (СФУ); 📍 Казан (Приволжск) […]

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенти «Франкофония жазы» сынагынын жеңүүчүсү

 Биздин 4-курстун ПП2-22 тобунун студенти Солодовникова Екатерина жыл сайын өтүүчү «Франкофония жазы» эл аралык маданий фестивалынын алкагында өткөн чечендик өнөр сынагында жеңишке жетип, 1-орунду ээледи. «Франкофония жазы» – бул француз тилине жана франкофон өлкөлөрүнүн маданиятына арналган жыл сайын өтүүчү маданий майрам. Аны уюштурууга франкофон мамлекеттеринин дипломатиялык миссиялары жана Франкофония эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөр катышат, […]

Жаңы кеңештеги илимдин келечеги

2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен түзүлгөн Д 08.26.28 диссертациялык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Диссертациялык кеңеш эки негиздөөчү тарабынан түзүлгөн: Кыргыз-Россия Славян университети жана Кыргызстандын Эл аралык университети Окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси коммерциялык эмес билим берүү мекемеси. Д 08.26.28 диссертациялык кеңешине 08.00.02 «Тармактык экономика жана […]

ПРОФЕССИОНАЛДЫК ИШТЕГИ ИЙГИЛИКТЕР

Университеттин жамааты Nomad колледжинин директору Жумакова Айзада Сулаймановнаны доцент илимий наамынын ыйгарылышы менен куттуктайт. Бул олуттуу жетишкендик – көп жылдык үзүрлүү илимий-педагогикалык эмгегинин, кесипкөйлүгүнүн, билимге берилгендигинин татыктуу бааланышы жана квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы. Айзада Сулаймановнанын жетекчилиги менен Nomad колледжи ийгиликтүү өнүгүп, заманбап билим берүү технологияларын ишке киргизип, студенттердин сапаттуу билим алуусуна жана кесипкөйлүгүн […]

25 жылдык илимий салт

12-июнда КОСУ жана «КЭАУ» ОИӨК студенттери жана окутуучулары катышкан 25 жылдык мааракелик университеттер аралык студенттик конференция болуп өттү. Компьютердик маалымат системалары жана башкаруу кафедрасы үчүн мындай илимий иш-чараларга катышуу маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформация боюнча келечектеги адистерди даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. 25 жылдан бери конференция билим алмашуу, изилдөө жыйынтыктарын көрсөтүү жана студенттердин илимий потенциалын […]

Эл аралык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү: Нидерланддар Королдугунун Элчисинин «КЭАУ» ОИӨКүнө сапары

2026-жылдын 3-июнунда «КЭАУ» ОИӨКүндө ректор Е.Ю. Савченко менен Нидерланддар Королдугунун Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нико Схермерс мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу таанышуу мүнөзүндө өтүп, «КЭАУ» ОИӨКү менен Нидерланддар Королдугунун билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого багытталды. Тараптар өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алмашып, академиялык өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен билим […]

Тынчтык университети менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

2026-жылдын 2-июнунда «Кыргызстандын Эл аралык университети» ОИӨКтүн ректору Е.Ю. Савченко жана Камкорчулар кеңешинин төрагасы А.А. Айдаралиев Тынчтык университетинин элчиси Давид Фернандес Пуян мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, билим берүү жана академиялык алмашуу аркылуу өз ара кызматташууну чыңдоо маселелерин, биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашырууну, ошондой эле Кыргыз […]

КЭР менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү

2026-жылдын 4-июнунда «КЭАУ» ОИӨКтүн ректору  Е.Ю. Савченко Кытай Эл Республикасынан келген өнөктөштөрдүн делегациясын – «Ланьди юридикалык фирмасы» компаниясынын жана «Тайи Международное образование» Эл аралык билим берүү борборунун өкүлдөрүн кабыл алды. Иш сапардын башкы жыйынтыгы – илимди, билим берүүнү жана эл аралык юридикалык практиканы интеграциялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан үч тараптуу Кызматташтык меморандумуна кол коюлушу болду. […]

«КЭАУ» ОИӨКде илимий наам ыйгаруу

2026-жылдын 28-майында «Кыргызстан Эл аралык университети» ОИӨКде Молдокеева Жеңишкүл Фридоновнага «Социология» адистиги боюнча доцент илимий наамынын аттестатын тапшыруу аземи болуп өттү. Ага доцент илимий наамын ыйгаруу анын жогорку кесипкөйлүгүн, көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, илим менен билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баалоо болуп саналат. «КЭАУ» ОИӨКнин жамааты Молдокеева Жеңишкүл Фридоновнаны куттуктайт жана ага мындан ары […]

Кан университетинин (Франция) профессорлорунун сапары

2026-жылдын 28-майында «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин  илим жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Байходжоев М.С. менен University of Caen Normandy өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө илимий изилдөөлөр, биргелешкен билим берүү демилгелери, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык өнөктөштүктүн башка багыттары боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого […]

Кытай таануучулардын конгресси

«Кыргызстандын белгилүү кытай таануучулары» аттуу жаңы биографиялык басылманын бет ачар аземи 2026-жылдын 22-майында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ата мекендик кытай таануунун жана кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон окумуштууларга, окутуучуларга, котормочуларга жана изилдөөчүлөргө арналган «Кыргызстандын белгилүү кытай таануучулары» аттуу жаңы биографиялык басылманын бет ачар аземи болуп өттү. Долбоордун негизги максаты — ата мекендик […]

Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси менен жолугушуу

2026-жылдын 26-майында «КЭАУ» ОИӨКтүн Чыгыш кампусуна Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин делегациясы, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюитинин жетекчилигинин астында келишти. «КЭАУ» ОИӨКтүн ректору Е. Ю. Савченко менен жолугушуу болуп, анда академиялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Коноктор «Филология» кафедрасынын япон тили кабинетине барышып, андан соң Япониянын Элчиси студенттер менен жолугушту. […]

Келечектеги финансисттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

«Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨК КэББМ жана А.К. Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институту (Казакстан) «Экономика» багыты, “Каржы” профили боюнча биргелешкен билим берүү жана бакалавриаттын майнор программасын ишке ашыруу тууралуу келишимге расмий түрдө кол коюшту. Өнөктөштүк Кыргызстандын Эл аралык университетинин ректору Савченко Елена Юрьевна жана Евразия гуманитардык институтунун ректору Ныгыманова Нурбану Токеновна тарабынан демилгеленип, эки республиканын […]

Дүйнөнү багындырууга убакыт келди.

2026-жылдын 21-майында «КЭАУ» ОИӨКнын Жаштар борборунда магистратуранын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрү менен «КЭАУ» ОИӨКнын ректору Е.Ю. Савченко кайрылып, эң татыктууларына мамлекеттик үлгүдөгү артыкчылык дипломдорун жеке өзү тапшырды. Ал эми окуу-административдик иштер боюнча проректор С.Б. Карабалаева калган бүтүрүүчүлөрдүн баарына мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду тапшырды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр тарабынан өз ишине жан дили […]

Бухгалтердик эсептин лидерлери

Чыныгы интеллектуалдык жеңиш Россиянын түндүк борборунда болду! Кубанычтуу жана чоң жаңылык менен бөлүшөбүз: 2026-жылдын 18-апрелинде Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университети тарабынан уюштурулган Я.В. Соколов атындагы XI Бүткүл россиялык студенттик бухгалтердик эсеп олимпиадасында «Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨК КэББМ командасы командалык биринчиликте I орунду ээледи. Олимпиадага Россия Федерациясынан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 43 окуу жайдын 686 студенти катышты. […]

Жаштардын келечеги — билимдүү жана жаратман муундун колунда

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан эл аралык университетинде маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара “Жаштардын келечеги — билимдүү жана жаратман муундун колунда” деген ураан алдында уюштурулуп, ага ЖОЖдордун студенттери, окутуучулары жана коноктор катышып, ойлорун ортого салышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын ролу, заманбап […]

«Кытай тили ‒ кызматташтыкка көпүрө»

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин делегациясы Синьцзян университетинде Туризм жана Лингвистика жаатындагы байланыштарды бекемдеди. Үрүмчү ‒ 20-24-апрель, 2026 – жылы Кыргызстандын ЖОЖдорунун, анын ичинде Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭАУ) өкүлдөрү Шинжаң университетинде (Конфуций институтунун долбоору) “Кытай тили — бул көпүрө” программасына катышышты. «КЭАУ» ОИӨК КэББМден делегацияга Эл аралык туризм кафедрасынын башчысы Асанбекова Мээрим жана Лингвистика кафедрасынын башчысынын […]

Илимий ийгилик

2025-жылдын 9-апрелинде Кыргызстан Эл аралык университетинин Жаштар борборунда Светлана Аминовна Хубиевага экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын жана Малика Алыбековна Алиевага филология багыты боюнча PhD доктору илимий даражасын ыйгаруу аземи болуп өттү. Салтанаттын жүрүшүндө университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери да илимий изилдөөлөрдөгү мыкты жетишкендиктери үчүн Ардак дипломдор менен сыйланышты. Сыйлыктар Scopus, Web of Science жана ОУЦС […]

«Код жазуу үчүн AI-агенттер» брейн-ринги

«КЭАУ» ОИӨКнын Жаштар борборунда «КМТжБ» кафедрасы тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү «Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш-чараны «КЭАУ» ОИӨКнын ректору, т.и.д., профессор Елена Юрьевна Савченко ачты. Бул жылы турнирдин темасы программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүн активдүү өзгөртүп жаткан заманбап код жазуу үчүн AI-агенттерге арналды. Интеллектуалдык таймашка «Информатика жана эсептөө техникасы» жана «Маалыматтык тутумдар жана технологиялар» […]

Кыргызстандан ректор Лондондогу журналдын мукабасына алгач рет чыкты

Кыргызстандын Эл аралык университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Елена Юрьевна Савченко Улуу Британияда чыгарылган OCA Magazine: Sustainable Development ишкердик журналынын мукабасына чыкты. Бул чыгарылыш Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсү темасына арналган. Бул Кыргызстан үчүн улуттук академиялык чөйрөнүн өкүлү ушундай деңгээлдеги эл аралык медиа мейкиндикте көрсөтүлгөн сейрек учурлардын бири болуп саналат. OCA Magazine – 15 […]

Фронтенд дизайнердик хакатону

14-апрелде «Кыргыз эл аралык университети» ОИӨКда КМТжБ кафедрасы тарабынан уюштурулган практикалык хакатон болуп өттү, анда дизайнерлер жана frontend-иштеп чыгуучулар командаларга биригип, 4 сааттын ичинде идеядан даяр продуктуга чейинки жолду басып өтүштү. 🚀 👩‍💻👨‍💻 Катышуучулар: ИЭТ жана МТжТ багыттарынын 3-4-курстарынын студенттери. ☕ Кофеден жана маселени коюудан баштадык. 🎨 Интерфейстерди түзүштү. 💻 Идеяларды коддо ишке ашырышты. 🚀 […]

“Тарбия кербени” курстук сабактары

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгын аткаруунун алкагында Эл аралык Кувейт университетинде 48 сааттык “Тарбия кербени” аталышындагы курстук сабактар болуп, ага Кыргызстан эл аралык университетинен 5 студент жана лекторлор катышып келишти. Курста “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Улуттук нарк баштаган жазылбаган мыйзамдары, кыргыз эли ыйык туткан улуу баалуулуктар, карманган салттары, тили, […]

Германиянын делегациясы менен жолугушуу

2026-жылдын 3-мартында Кыргызстан Эл аралык университетинде университеттин жетекчилиги менен Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин жана DAAD өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. 👥Ардактуу коноктордун арасында Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Константин Зелентий, DAADдын Борбордук Азиядагы аймактык кеңсесинин директору Гизела Циммерманн жана элчиликтин Маданият жана басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Айпери Бекботоева болду. IUK атынан делегацияны IUK илимий-практикалык комплексинин ректору […]