Тынчтык университети менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду - Борбордук кампус

Тынчтык университети менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

2026-жылдын 2-июнунда «Кыргызстандын Эл аралык университети» ОИӨКтүн ректору Е.Ю. Савченко жана Камкорчулар кеңешинин төрагасы А.А. Айдаралиев Тынчтык университетинин элчиси Давид Фернандес Пуян мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, билим берүү жана академиялык алмашуу аркылуу өз ара кызматташууну чыңдоо маселелерин, биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашырууну, ошондой эле Кыргыз Республикасында Глобалдык Тоо университетин жана Тынчтык университетин түзүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында БУУнун мандатынын негизинде түзүлгөн Тынчтык университети, «Кыргызстандын Эл аралык университети» ОИӨКү жана Эл аралык Тоо институтунун ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумга кол коюу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Кыргызстандын Эл аралык университети» ОИӨКү дүйнөнүн алдыңкы эл аралык уюмдары жана университеттери менен кызматташтыкты чыңдоону жана эл аралык байланыштарын кеңейтүүнү улантууда.