Сиань Цзяотун университетинин делегациясы менен жолугушуу - Борбордук кампус

Сиань Цзяотун университетинин делегациясы менен жолугушуу

2026-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Эл аралык университетинин Борбордук кампусунда Кытай Эл Республикасынын Сиань Цзяотун университетинин делегациясы менен илим жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Муратбек Байходжоевдин жана университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык байланыштарды чыңдоо, билим берүү жана илимий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле университеттер ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын Эл аралык университети академиялык алмашуу жана биргелешкен демилгелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен эл аралык байланыштарын өнүктүрүүнү улантууда!