2026-жылдын 20-ноябрында «Кыргызстан Эл аралык Университетинин» ОИӨК Компьютердик Маалымат Системалары жана Башкаруу кафедрасынын студенттери Nomad колледж тарабынан уюштурулган жасалма интеллект жана AI агенттерин колдонуу боюнча конок лекциясына катышышты.
Лектор EPAM Kyrgyzstan компаниясынын бизнес-анализ практикасынын жетекчиси жана IT тармагында жети жылдан ашык тажрыйбасы бар эксперт Нурзат Тыныбек кызы болду.
Лекцияда AI агенттерин колдонуу, жасалма интеллекттин бизнес-процесстерге тийгизген таасири, ошондой эле реалдуу дүйнөдөгү учурлар жана IT тармагындагы учурдагы тенденциялар каралды.
Компьютердик Маалымат Системалары жана Башкаруу кафедрасынын студенттерине бул конок лекциясына катышууга, баалуу билим алууга жана IT тармагынын алдыңкы адистеринин практикалык тажрыйбасынан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бергени үчүн Nomad Collegeге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.


