“Кыргызстан Эл аралык университетинде” Илим күнү салтанаттуу белгиленди - Борбордук кампус

“Кыргызстан Эл аралык университетинде” Илим күнү салтанаттуу белгиленди

2026-жылдын 10-ноябрында «Кыргызстан Эл аралык университети» ОИӨК КэББМде Илим күнүнө жана Тынчтык жана өнүгүү үчүн дүйнөлүк илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бул майрам университеттин жетекчилигин, профессордук-окутуучулук курамын, кызматкерлерди, жаш окумуштууларды, магистранттарды жана студенттерди бириктирди. Иш-чаранын катышуучуларын «КЭАУ» ОИӨК КэББМнин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Савченко Е.Ю. куттуктады. Ал сөзүндө жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү жана студенттик демилгелерди колдоо университеттин стратегиялык артыкчылыктарынын бири бойдон калаарын баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында илимий даражаларды ыйгаруу жөнүндө дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү: филология илимдеринин доктору — Г.А. Тургуновага, философия (PhD) доктору — С.Дж. Найзабековага жана Ж.К. Бакировага.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, ошондой эле «КЭАУ» ОИӨК КэББМнин Ардак грамоталары менен кесипкөйлүгү, ак ниет эмгеги жана ата мекендик илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар окутуучулар жана университеттин кызматкерлери сыйланышты.

Жолугушууда жаштардын ийгиликтерине өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чара эл аралык сынактарда, олимпиадаларда жана мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген студенттерди жана алардын илимий жетекчилерин сыйлоо менен жыйынтыкталды.

Сыйлангандардын баарын куттуктайбыз жана илимди тынчтык менен прогресстин өнүгүшүнө арналган эмгегиңиздерге мындан аркы илимий жетишкендиктерди, жемиштүү кызматташтыкты жана чексиз дем-күчтү каалайбыз!