SCOU Future Builders Camp 2026 - Борбордук кампус

SCOU Future Builders Camp 2026

«Кыргызстан эл аралык университети» ОӨИКнын магистратура деканатынын жана илим бөлүмүнүн кызматкерлери кытайдын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Xi’an Jiaotong University тарабынан уюштурулган эл аралык билим берүү «Future Builders Camp: Econ, Finance and Culture Connect – 2026»  программасы боюнча окууну ийгиликтүү аякташты.

Программанын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар кытайдын экономикасынын заманбап жетишкендиктери, инновациялык технологиялары, илимий изилдөөлөрү жана бай маданий мурастары менен таанышышты. Бул программа тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды түзүү жана эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоо үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Xi’an Jiaotong University жетекчилигине программанын жогорку деңгээлде уюштурулушу, жылуу кабыл алуусу жана дүйнөлүк академиялык коомчулуктун бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Алган билимдер, жаңы кесиптик байланыштар жана биргелешкен идеялар мындан аркы эл аралык билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бекем негиз болот деп ишенебиз.