КЭАУ ОИӨК эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө дагы бир маанилүү кадам жасады! 22-июлда АКШнын Хантсвилл шаарындагы Сэм Хьюстон мамлекеттик университети менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга расмий түрдө кол коюлду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келечектеги биргелешкен кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты:
Студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары;
Биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун жана илимий конференцияларды уюштуруу;
Билим берүү программаларын өнүктүрүү жана алдыңкы тажрыйба алмашуу.
Жолугушуунун катышуучулары
КЭАУ ОИӨК тарабынан:
- Карабалаева С. Б. – окуу жана административдик иштер боюнча проректор;
- Молдокеева Ж. Ф. – эл аралык бөлүмдүн башчысы;
- Замирбекова Г. З. – эл аралык бөлүмдүн жетектөөчү адиси;
- Догдурбаева К. А. – эл аралык бөлүмдүн жетектөөчү адиси.
Сэм Хьюстон мамлекеттик университетинин тарабынан:
- Майкл Улан Дакеев – Сэм Хьюстон мамлекеттик университетинин профессору;
- Хайдаров Бактыяр – «Номад» колледжинин окутуучусу.
Меморандум студенттерибиз жана окутуучуларыбыз үчүн эл аралык деңгээлде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана келечектүү багыттарды ачат. Алдыда көптөгөн кызыктуу долбоорлор жана ийгиликтүү кызматташтыктар күтүп турат!


