Кыргызстан Эл аралык университетинин кызматкерлери жана студенттери Кытай Эл Республикасынын Xi’an Jiaotong University тарабынан уюштурулган Silk Road AI Summer Camp 2026 эл аралык билим берүү программасын ийгиликтүү аякташты. Программа жасалма интеллект, инновациялык технологиялар жана эл аралык академиялык кызматташтык багыттарына арналган.
Эки жумалык окуу программасынын алкагында катышуучулар жасалма интеллект, робототехника, интеллектуалдык өндүрүш, биомедицина, материал таануу жана менеджмент боюнча лекцияларга катышышты. Ошондой эле практикалык сабактарга, алдыңкы технологиялык ишканаларга болгон сапарларга, кытай тили боюнча курстарга жана Кытайдын тарыхы менен маданиятын тааныткан иш-чараларга катышышты.
Эл аралык Кыргызстан университети Xi’an Jiaotong University жетекчилигине жана уюштуруучуларына программаны жогорку деңгээлде уюштурганы, жылуу меймандостугу жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Мындай демилгелер эл аралык өнөктөштүктү жана академиялык мобилдүүлүктү мындан ары да өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишенебиз.

