Бүгүн биз Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон биринчи чет өлкөлүк магистранттарыбызды мамлекеттик жыйынтыктоочу экзаменди ийгиликтүү тапшырып, магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү коргогону менен сыймыктануу менен куттуктайбыз!
Сиздер «КЭАУ» ОИӨКтагы эл аралык билим берүүнүн биринчи жолу жаңы барагын ачкан бүтүрүүчүлөр болдуңуздар. Артыңыздарда — талыкпаган эмгек жана изденүү жылдары, ал эми алдыңыздарда — жаңы жетишкендиктер жана кесиптик ийгиликтер күтүп турат.
Биздин университетти тандаганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге бекем ден соолук, чыгармачылык шыктануу, ийгиликтер жана жаңы бийиктиктерди каалайбыз!
Биз силер менен сыймыктанабыз!

