Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кыргызстан Эл Аралык университетинин докторанттары Ташкент Эл Аралык Университетинде илимий-изилдөө стажировкасынан ийгиликтүү өтүштү.
Стажировка учурунда катышуучулар заманбап илимий изилдөө ыкмалары менен таанышып, илимий семинарларга жана талкууларга катышып, чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашып, кесиптик жана академиялык байланыштарын чыңдашты. Бул стажировка докторанттардын кесиптик өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп, алардын илимий-изилдөө компетенцияларын өркүндөтүүгө, эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Кыргызстан Эл аралык Университети Ташкент Эл Аралык Университетинин жылуу кабыл алуусу, стажировканы жогорку деңгээлде уюштурганы жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Түзүлгөн өнөктөштүк мындан ары да биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ишенебиз.
