IT студенти Лиссабондо өткөн Web Summit 2026га катышты! - Борбордук кампус

IT студенти Лиссабондо өткөн Web Summit 2026га катышты!

Кыргызстан Эл аралык университетинин Маалыматтык системалар жана технологиялар адистиги боюнча студенти Элдияр Мелсов Португалиянын Лиссабон шаарында өткөн эң ири эл аралык технологиялык конференциялардын бири болгон Web Summit 2026га катышты.

Web Summit жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 70 000ден ашык катышуучуну, анын ичинде IT тармагынын алдыңкы эксперттерин, изилдөөчүлөрдү, ишкерлерди жана эл аралык технологиялык компанияларынын өкүлдөрүн бириктирет. Конференциянын негизги темалары жасалма интеллектти өнүктүрүү келечеги, инновациялык технологиялар жана санариптик трансформациянын заманбап тенденциялары болду.

Мындай масштабдагы иш-чараларга катышуу студенттерге кесиптик дүйнө таанымын кеңейтүүгө, эл аралык тажрыйба топтоого, кесиптик байланыштарды түзүүгө жана маалымат технологияларынын алдыңкы жетишкендиктери менен таанышууга жардам берет.

Компьютердик маалымат системалары жана башкаруу кафедрасы студентинин жетишкендиктери менен сыймыктанат жана ага академиялык жана кесиптик иштеринде мындан ары да ийгиликтерди каалайт!