Иш бөлмөлөрү жана лабораториялар - Борбордук кампус

Иш бөлмөлөрү жана лабораториялар

«Жасалма интеллект» лабораториясы (Artificial Intelligence Laboratory)

Жасалма интеллект лабораториясы (ЖИЛ, AILab) жасалма нейрондук тармактардын (ЖНТ) базасында интеллектуалдык компьютердик системаларды түзүү чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

ЖИЛ – бул, анын ишине компьютердик илимдердин эң кызыктуу жана келечектүү багыттарынын бири болгон жасалма интеллект менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берген илимий-окуу лаборатория.

Лабораториянын максаттары жана милдеттери:

ЖИЛдин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты — изилдөөлөрдүн жана комплекстүү иштерди аткаруунун негизинде (анын ичинде биргелешкен эл аралык долбоордук ишмердүүлүктү ишке ашыруу жана илимий билимдерди жайылтуу) ЖНТнын базасында интеллектуалдык компьютердик системаларды түзүү чөйрөсүндөгү илимий-изилдөөчүлүк, билим берүүчүлүк жана инновациялык потенциалды интеграциялоо болуп саналат.

ЖИЛ тарабынан чечилүүчү милдеттер — адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү начар формалдаштырылган маселелерди интеллектуалдык чечим кабыл алуунун ыкмаларын жана алгоритмдерин иштеп чыгуудан, апробациялоодон жана практикалык ишке ашыруудан турат.

ЖИЛ (Жасалма интеллект лабораториясы) тарабынан чечилүүчү негизги маселелер:

  • фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү, жасалма нейрондук тармактарды (ЖНТ) түзүү чөйрөсүндө жаңы ыкмаларды жана технологияларды иштеп чыгуу;
  • медициналык кибернетиканын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • студенттердин, ойлоп табуучулардын жана иштеп чыгуучулардын, чыгармачыл жаштардын өкүлдөрүнүн изилдөө иштерин жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн аянтча берүү;
  • илимий-билим берүү жана инновациялык багыттагы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • эл аралык жана улуттук илимий-изилдөө программаларын аткарууга катышуу;
  • илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаңы технологияларды, иштеп чыгууларды киргизүү үчүн магистранттарды жана аспиранттарды ЖИЛдин ишине тартуу;
  • техникалык илимий-инновациялык жана билим берүү маселелерин биргелешип чечүү, жаңы технологияларды жана инновациялык продуктуларды түзүү жана өздөштүрүү максатында улуттук илимий, окуу, технологиялык жана өндүрүштүк уюмдар жана ишканалар менен, анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • илимий-техникалык, маалыматтык жана кеӊеш берүү кызматтарын көрсөтүү;
  • мамлекеттик жана мамлекеттик эмес илимий фонддордун жана уюмдардын программаларынын жана долбоорлорунун алкагында илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга катышуу.

Лаборатория өз ишмердүүлүгүн долбоордук принцип боюнча жүргүзөт, б.а. ар бир катышуучу конкреттүү максаты жана мөөнөтү бар өзүнчө долбоордун алкагында иштейт. Бул теориялык жана практикалык компоненттерди ийгиликтүү айкалыштырууга жана билимде, көндүмдөрдө жана жөндөмдөрдө максималдуу прогресске жетишүүгө мүмкүндүк берет.

_______________________________________________________________________

Лабораториянын менторлору – илим менен алектенүү алар үчүн жөн гана кызыгуу эмес, кесипкөй ишмердүүлүк болуп саналган окумуштуулар. Алар жасалма интеллект тармагында изилдөө долбоорлорун ишке ашырган, жигердүү иштеп жаткан илимий кызматкерлер. ЖИЛдин студенттери тарабынан аткарылган бардык долбоорлор дал ушул «чоң» илимий долбоорлорго байланыштырылган.

Студенттердин ЖИЛдин ишмердүүлүгүнө катышуусу – бул квалификациясын жогорулатууга, жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга, ошондой эле реалдуу илимий долбоордун үстүндө иштөөгө катышууга берилген уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Биз «Кыргызстан эл аралык университети» АОК консорциумунун маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө билим алган студенттери, ошондой эле Бишкек шаарындагы бардык техникалык жогорку окуу жайлардын студенттери менен кызматташабыз (негизги талап – ментор менен жеке өз ара байланышта болуу мүмкүнчүлүгү). Биздин менторлор сабак берген ЖОЖдордун студенттери ЖИЛде аткарган долбоорлорун өздөрүнүн курстук иштери, практикалары, дипломдук иштери жана башкалар катары эсептөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

Сизди кызыктырган бардык суроолорду ai_lab_iuk@gmail.com электрондук дарегине жазып жиберсеңиз болот.

Жасалма интеллект лабораториясы өз ишмердүүлүгүн «Кыргызстан Эл аралык университети» АОК консорциумунун колдоосу менен жүргүзөт.

_____________________________________________________________________________

Жасалма интеллект лабораториясынын кызматкерлери

Илимий жетекчи

     Миркин Евгений Леонидович

  • техника илимдеринин доктору, профессор
  • КЭАУ ОИӨКнын «Компьютердик маалыматтык тутумдар» кафедрасынын башчысы
  • КЭАУ АОК, КРСУ, КМТУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: адаптивдик башкаруу системалары, системалык талдоо жана чечим кабыл алуу теориясы, жасалма интеллект, медицинадагы маалыматтык системалар

Менторлор:

     Савченко Елена Юрьевна

  • техника илимдеринин доктору, профессор
  • КЭАУ ОИӨКнын ректору
  • КЭАУ АОКтун докторанты
  • КЭАУ АОК, КРСУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, билимди интеллектуалдык тестирлөө системалары, когнитивдик агенттер.

Волкович Олег Викторович

  • медицина илимдеринин кандидаты
  • Чүй облустук бириккен ооруканасынын врач-анестезиологу
  • изилдөөчү-эксперт
  • КЭАУ АОКтун докторанты
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, медициналык кибернетика

Мусакулова Жылдыз Абдыманаповна

  • техника илимдеринин кандидаты, доцент
  • КРЭАУнун (МУКР) «Программалык инженерия» кафедрасынын доценти
  • КЭАУ АОК, КРСУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, медицинадагы маалыматтык системалар.

Нежинских Сергей Сергеевич

  • техника илимдеринин кандидаты
  • КЭАУ ОИӨКнын «Компьютердик маалыматтык тутумдар» кафедрасынын доцентинин м.а.
  • КЭАУ АОКда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, медицинадагы маалыматтык системалар.

Айдралиев Акылбек Орузбаевич

  • Изилдөөчү, PhD изденүүчүсү
  • КЭАУ ОИӨКнын «Компьютердик маалыматтык тутумдар» кафедрасынын доцентинин м.а.
  • КЭАУ АОК, КГТУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, медицинадагы маалыматтык системалар.

Долбоорлор

  • Илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулардын (ИИжТКИ) жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизүүгө катышуу.
    • Чохральский методу менен монокристаллдык кремнийди өстүрүүчү «Редмет–30» түзүлүшүн автоматтык башкаруу системасы. «КХМЗ-Астра» ЖЧК (Орловка ш., Кыргызстан, тоо-металлургиялык комбинаты), (2008-ж.).
    • Баш мээнин электроэнцефалограмма маалыматтарын классификациялоонун автоматташтырылган системасы. Бишкек ш. функционалдык диагностика медициналык борбору, (2013-ж.).
    • ЭЭМ үчүн программа: «SEISMIC INTENSITY». Сейсмикалык термелүүлөрдүн интенсивдүүлүгүн ыкчам аныктоо үчүн программалык-алгоритмдик каражаттар. КР УИАнын Сейсмология институтунун эсептөө борбору, (2015-ж.).
    • ЭЭМ үчүн программа: «DILEUS». Ичегинин өтпөстүгү оорусун диагностикалоо үчүн программалык-алгоритмдик каражаттар. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Реконструктивдүү-калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору, Бишкек ш., (2016-ж.).
    • ЭЭМ үчүн программа: «INTUBATION». Трахеяны интубациялоонун кыйынчылыгын диагностикалоо үчүн программалык-алгоритмдик каражаттар. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Реконструктивдүү-калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору, Бишкек ш., (2016-ж.).
  • «MEDARGUS» – анестезиологиядагы жана интенсивдүү терапиядагы бейтаптардын абалын каттоо жана болжолдоо боюнча интеллектуалдык система. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Реконструктивдүү-калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору, Бишкек ш., (2017-2019-жж.).