Иш бөлмөлөрү жана лабораториялар - Борбордук кампус

Иш бөлмөлөрү жана лабораториялар

Спорт комплекси

Спорт комплекси — бул «Кыргызстан Эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин аймагында жайгашкан, зарыл болгон техникалык жабдуулар менен камсыздалган, окуу, окуу-машыгуу процесстерин жана спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча мелдештерди уюштурууга багытталган спорттук объектилердин тобу.

Спорт комплекси — бул Мамлекеттик билим берүү стандарттарын (мындан ары — МББС) ишке ашыруунун куралы болуп саналган жана студенттердин жалпы жана кесиптик компетенцияларын, билимдерин, көндүмдөрүн, практикалык тажрыйбасын жана чыгармачылык потенциалын калыптандырууну камсыз кылган «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин окуу-тарбиялык бөлүмү.

Паспорттун колдонуу чөйрөсү

Спорт комплексинин паспорту – бул спорттук комплекс жөнүндө системалаштырылган маалыматтар келтирилген формалдаштырылган документтердин жыйындысы. Спорт комплексинин паспорту «КЭАУ ОИӨК» КэББМдин ички документи болуп саналат жана тиешелүү түрдө эсепке алынууга тийиш.

Паспорттун максаты

Спорт комплексинин материалдык-техникалык базасынын абалын жана анын дене тарбиясын окутууну, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук-массалык иштерди окуу-усулдук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо бөлүгүндө МББСтин талаптарын ишке ашырууга даярдыгын талдоо.

Спорт комплексинин паспорту