Багыттын жалпы мүнөздөмөсү - Борбордук кампус

Багыттын жалпы мүнөздөмөсү

Багыттын жалпы мүнөздөмөсү

Даярдоо багыттары:

«Туризм» кафедрасы бүтүрүүчү кафедра болуп саналат жана төмөнкү багыттар боюнча бакалаврларды даярдайт:

600200 «Туризм» багыты, «бакалавр» квалификациясын (даражасын) берүү менен:

  • «Эл аралык туризм» («бакалавр» квалификациясы берилет)
  • «Туризмде бизнес администрациялоо» («бакалавр» квалификациясы берилет)
  • «Туризм жана мейманкана-ресторан бизнеси» («бакалавр» квалификациясы берилет)

Билим берүү ишмердүүлүгү

Студенттерди окутуу бизнес-билим берүү системасы боюнча жүргүзүлөт. Окуу процессинде студенттер ишканаларды өз алдынча табышы керек. Бул иште студенттерге жардам берүү максатында 1-курстан баштап төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:

Туристтик багыттагы ишканаларга таанышуу экскурсиялары;

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы туристтик ресурстук объекттерге таанышуу экскурсиялары.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү:

Туристтик уюмдар (Туроператорлор жана турагенттиктер);

  • Аймактык жана эл аралык деңгээлдеги туризмди башкаруу органдары;
  • Экскурсиялык компаниялар;
  • Туристтик компаниялар жана корпорациялар;
  • Мейманкана-ресторан туристтик комплексинин ишканалары;
  • Транспорттук-логистикалык компаниялар;
  • «Үч чоку» (Три вершины) тоо-лыжа туристтик кластеринин объекттеринде;

Аймактагы туризм чөйрөсүндөгү ишканалар, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн маркетингдик илгерилетүү;

Туристтик инфраструктура объекттерин долбоорлоо, туристтик кластерлерди долбоорлоо, туризм чөйрөсүндөгү объекттерди (объекттердин системаларын) башкаруу, туристтик инфраструктураны илгерилетүү жана өнүктүрүү.

Бүгүнкү күндө эмгек базарында «туризм» багытынын адистерине болгон суроо-талап канчалык?

 Туризм Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат. Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн өлкө бай жаратылыш-рекреациялык жана экологиялык потенциалга ээ. Азыркы учурда бүткүл республика боюнча туристтик чөйрөнүн өсүшү байкалууда, бул түздөн-түз Туризм багытындагы адистердин санын көбөйтүү зарылчылыгына таасир этет. Бүтүрүүчүлөр туристтик бизнести өнүктүрүүнүн каалаган багыттарында жана башка тармактарда иштей алышат. Биздин бүтүрүүчүлөр 2 чет тилин өздөштүрүп, маркетологдун көндүмдөрүнө жана менеджмент адистигине ээ болушат, ошондой эле негизги экономикалык билим алышат.

Экономика, менеджмент, сервис жана туризм факультетинде «Туроператордук жана турагенттик кызматтардын технологиясы жана уюштурулушу» профили боюнча бакалаврларды даярдоонун өзгөчөлүгү эмнеде? «Кыргызстан эл аралык университет» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинде (КЭАУ ОИӨК / УНПК МУК) туризм индустриясынын болочок адистерин даярдоонун бир катар артыкчылыктары бар:

  1. Ар бир билим алуучунун жөндөмүн, кызыкчылыгын жана каалоосун эске алуу менен жеке мамиле жасоо.
  2. Кафедранын профессордук – окутуучулук курамынын квалификациясынын жогорку деңгээли, тандалган даярдоо профилинин актуалдуулугу.
  3. Окутуунун мыкты материалдык-техникалык базасы.
  4. Сербия, Түркия, Беларусь, Казакстан ж.б. өлкөлөрдө эл аралык өндүрүштүк практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү.