Окуу-методикалык иш (бакалавр) - Борбордук кампус

Окуу-методикалык иш (бакалавр)

Окуу-усулдук иштер

«Философия» багыты боюнча бакалаврлар жана магистранттарды даярдоо программасынын ишке ашырылуусу кафедрага бекитилген бардык дисциплиналар боюнча окуу-усулдук комплекстердин болушу менен камсыз кылынат. Окуу-усулдук комплекстердин негизги бөлүмдөрү:

  1. Окуу-усулдук программа;
  2. Жумушчу программа;
  3. Силлабус;
  4. Магистранттардын өз алдынча иши;
  5. Баалоо каражаттарынын фонду;

2008-жылдан тартып кафедранын окутуучулары чыгармачыл, интерактивдүү окутууну өнүктүрүүнүн алкагында «Чыгармачыл окуу жана интеллектуалдык оюндар» форматында окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгып, басып чыгарышууда. «Чыгармачыл окуу: философия жана социалдык-гуманитардык илимдер боюнча интеллектуалдык оюндар» аталышындагы бул комплекс – философия жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар боюнча силлабустардын, интеллектуалдык маселелердин, чыгармачыл тапшырмалардын жана поэтикалык материалдардын жыйнагы болуп саналат. Окуу-усулдук комплекс.

«Эл аралык мамилелердин философиясы», «Саясаттын жана экономиканын философиясы», «Менеджменттин жана дүйнөлүк саясаттын философиясы», «ЖМК жана интернет философиясы», «Эл аралык укук философиясы», «Этностор аралык кагылышуулар жана маданияттар аралык диалог» аттуу философиянын жаңы багыттар аралык чөйрөлөрү боюнча окуу-усулдук комплекстер иштелип чыккан.

Диссертация жактоо

2014-жылы кафедранын изденүүчүсү М.А. Алиев (жетекчиси проф. А.Б. Элебаева) социология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн, 2015-жылы кафедра окутуучусу Э. С. Токтосунова Санкт-Петербург шаарындагы Герцен атындагы институтта саясий илимдердин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияларын жактаган.

Кафедра жыл сайын КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда аткарылган «социалдык философия» жана «философиянын тарыхы» адистиктери боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды жактоодо алдыңкы (жетектөөчү) уюм катары чыгат.