Багыттын жалпы мүнөздөмөсү - Борбордук кампус

Багыттын жалпы мүнөздөмөсү

Базар экономикасынын жана азыркы өнүгүү шарттарында мамлекеттин кубаттуулугу биринчи кезекте анын экономикалык потенциалы менен аныкталат, ал эми бул потенциал көп жагынан адистердин кесипкөйлүгүнө көз каранды.

КЭАУ ОИӨКнын «Экономика» адистигинин актуалдуулугу жана өзгөчөлүгү — экономикалык мамилелер тутумунун жаңылануусунда, глобалдашуусунда жана интеграциясында турат, анда көптөгөн факторлор иштейт: натуралдык чарба жүргүзүүдөн товардык өндүрүшкө өтүү; пайданы максималдаштыруу максатында товардык-акчалай мамилелеринин бекемделиши; өнөр жай революциясынын жүрүшүндө өндүргүч күчтөрдүн өнүгүүсүнүн сапаттык секириги, бул болсо ички улуттук керектөөлөрдөн ашкан товарларды массалык түрдө өндүрүүгө өтүүгө мүмкүндүк берди.

Экономист кесиби экономикалык өсүштү жогорулатууга, өндүрүштүн көлөмүн жана масштабдарын кеңейтүүгө, жаңы илимий-техникалык иштеп чыгууларга жана адам ресурстарына инвестиция салууга багытталган фундаменталдык билимди, чеберчиликти жана практикалык көндүмдөрдү талап кылат.

Бүгүнкү күндө экономист кесиби дүйнөдөгү эң суроо-талапка ээ болгон жана келечектүү кесиптердин бири болуп саналат. Экономисттер чакан ишканалардан баштап, трансулуттук ири корпорацияларга чейин бардык жерде керек. Экономисттин ишмердүүлүгү универсалдуу болуп саналат жана негизинен сандар, ошондой эле ири маалымат топтомдору менен иштөөнү камтыйт.

Заманбап эмгек базары менеджер кесиби эң чоң суроо-талапка ээ экенин көрсөтүүдө. Коом динамикалуу бизнес чөйрөсүндө натыйжалуу иштей алган, компетенттүү жана креативдүү менеджер-лидерлерге муктаж.

Мындай ишмердүүлүктүн актуалдуулугу, анын көп кырдуулугунда жана адистиктин тармактар ​​аралык мүнөзүндө жатат. Бул квалификацияга ээ болгон бүтүрүүчүлөр эл чарбасынын дээрлик бардык тармактарында: экономикада, бизнесте, өндүрүштө, мамлекеттик түзүмдөрдө жана коомдук уюмдарда иштей алышат. Менеджерлер ар дайым керек жана керек боло берет. Иш берүүчүлөр тарабынан менеджерлерге болгон туруктуу суроо-талапты камсыз кылууда адистиктин универсалдуулугу чоң роль ойнойт, анткени ал бир гана менеджментти эмес, экономика, маркетинг, жарнама жана психология боюнча билимдердин комплексин камтыйт.

«Менеджмент» адистигинин бүтүрүүчүлөрү ишкананын стратегиясын иштеп чыгуу, жаңы идеяларды жаратуу, медиатор жана ортомчу катары ишкердик байланыштарды түзүү боюнча фундаменталдык билимдердин, жөндөмдөрдүн жана практикалык көндүмдөрдүн топтомуна ээ болушат. Ошондой эле алар IT-технологияларды өздөштүрүп, аларды өндүрүшкө киргизүү жөндөмүнө, кенен дүйнө таанымга, уюштуруучулук жөндөмгө жана моралдык сапаттарга ээ болуп чыгышат.