- Менеджмент жана экономика кафедрасы
- Компьютердик маалыматтык системалар жана башкаруу бөлүмү
- Табигый илимдер бөлүмү
- Философия кафедрасы
- Коомдук иш жана коомдук жана гуманитардык илимдер бөлүмү
- Кафедра жөнүндө
- Мугалимдер
- Багыттын жалпы мүнөздөмөсү
- Окуу процесси (Бакалавр)
- Окуу процесси (Соц-гум илимдери)
- Окуу процесси (магистр)
- Окуу-методикалык иштер (Бакалавр)
- Окуу-усулдук иш (Соц-гум илимдер)
- Окуу-усулдук иш (Магистратура)
- Илимий иш
- Социалдык практикалар лабораториясы
- Класстар жана лабораториялар
- Байланыштар
- Дене тарбия кафедрасы
- Чет тилдер кафедрасы
- Кыргыз жана орус тилдери кафедрасы
- Туризм кафедрасы
- Маркетинг кафедрасы
Даярдоо багыты — 540200 «Социалдык иштер»
Коомдогу тез өзгөрүүлөрдүн жана белгисиздиктин шарттарында социалдык процесстер менен кубулуштарды так аныктап, аларды башкара билген адистерге өзгөчө суроо-талап өсүүдө. Мындай адистер социалдык саясат чөйрөсүндөгү экспертиза көндүмдөрүнө ээ болуу менен, коомдун жыргалчылыгына багытталган долбоорлорду иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга жөндөмдүү келишет. Алар социологиялык жана психологиялык усулдарды өздөштүрүү менен социалдык кырдаалды талдап, анын андан аркы өнүгүшүн алдын ала болжолдошот жана аны чечүү боюнча адекваттуу долбоорду (программаны) сунушташат. Бул адистер социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жолунда мамлекеттик, коомдук, эл аралык жана бизнес-уюмдар менен натыйжалуу байланышты түзө алышат.
Социалдык кызматкерлер коомдук турмуштун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө: саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, пенитенциардык (жаза аткаруу) тутум, юриспруденция, саясат тармактарында, ар кандай ишканаларда жана социалдык багыттагы бизнесте суроо-талапка ээ. Социалдык иш — бул азыркы дүйнөдө кайдыгер эмес инсанга өзүн көрсөтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген көп кырдуу, социалдык багыттагы кесип.
Кыргыз Республикасында 540200 «Социалдык иштер» даярдоо багыты боюнча төмөнкү негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:
- Бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо боюнча Жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы (ЖКББ НББП).
Бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББ НББПны толук өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө «бакалавр» жана «магистр» академиялык даражалары ыйгарылып, жогорку билими тууралуу диплом берилет.
Даярдоо багыты — 530300 «Психология»
Биздин студенттер төмөнкү көндүмдөрдү өздөштүргөндүктөн, жумушка орношууда универсалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
- Психологиялык кеңеш берүү;
- Адамдын психологиялык абалына комплекстүү баа берүү (психодиагностика);
- Психокоррекция жана психотерапия;
- Тренингдерди жана семинарларды өткөрүү;
- Социалдык-психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү;
- Өзүн-өзү таануу (саморефлексия), өзүн-өзү жөнгө салуу (саморегуляция) жана башка көптөгөн көндүмдөр.
«Психология» багытынын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү тармактарда иштей алышат:
- Психологиялык кеңеш берүү кызматтарында (үй-бүлөлүк, жеке кеңеш берүү, коучинг);
- Бизнес жана маркетинг чөйрөсүндө: керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумун изилдөө;
- Гимназияларда, лицейлерде, колледждерде (окутуучулук ишмердүүлүк, психологиялык көмөк көрсөтүү);
- Кадрлар кызматында (компаниялардагы кызматкерлерди тандоо, адаптациялоо жана өнүктүрүү);
- Билим берүү жана мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринде психолог (бала бакчалар, мектептер, колледждер, университеттер);
- Психологиялык колдоо көрсөтүү борборлорунда жана жеке практикада;
- Кризистик жана реабилитациялык борборлордо (психокоррекция, психопрофилактика).
