Профессордук-окутуучулук курам - Борбордук кампус

Профессордук-окутуучулук курам

Асанбекова Жамиля Исаевна

География илимдеринин кандидаты,

доценттин м.а.

 

Ишмердүүлүгү:

  • Илимий журналдардагы макалалардын жана 30дан ашык илимий эмгектердин автору.
  • Индиянын Ахмедабад шаарындагы Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү Космостук илим жана техника боюнча билим берүү борборунун (CSSTEAP, БУУга караштуу) спутниктик метеорология жана глобалдык климат (SATMET-10) курсунан өткөн.
  • «КЭАУ» ОИӨКнын Магистратурасынын деканы.
  • 2022-жылдан бери «КЭАУ» ОИӨКнын Табигый-илимий дисциплиналар кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу.
  • Табигый-илимий дисциплиналар кафедрасынын «Ысык-Көл облусунун суу-жер ресурстарынын рекреациялык потенциалы жана аларды пайдалануу келечеги» аттуу илимий темасынын жетекчиси.
"Билим — бул үйрөтүлгөндөрдүн баары унутулгандан кийин калган нерсе."

Асанбекова Мээрим Исаевна

География илимдеринин кандидаты,

доценттин м.а.

 

Ишмердүүлүгү:

  • Илимий журналдардагы макалалардын жана 30дан ашык илимий эмгектердин автору.
  • IREX — «Келечектеги лидерлер мектеби» инновациялык дистанттык курсунун тренери.
  • «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фондунун Экология курсунун менеджери жана тренери, GLOBE программасынын референти.
  • «Golden yurt» ЖЧКсынын менеджери (Жети-Өгүз району, Көк-Жайык жайлоосундагы боз үй конок үйү).
  • «Эль Сан» консалтингдик компаниясынын менеджери (КРдагы 1Стин расмий өкүлү).
  • «CAMP Ала-Тоо» коомдук фондунун модератору.
  • USAIDдин азык-түлүк жардамы программасы, LRP долбоору, Mercy Corps — долбоордун улук адиси.
  • Ачык коом институтунун / LGI долбоорунун модератору (Будапешт — Бишкек).
  • Jany Jyldiz Gold & United Asia Enterprises LTD (Австралия) геолого-чалгындоо компаниясынын экологу.
  • 2022-жылдан бери — «КЭАУ» ОИӨКнын «Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү 2019-2026» долбоорунун катышуучусу.
"Билим алуу эч качан кеч эмес."

Басина Ольга Николаевна

Педагогика илимдеринин кандидаты

 

Ишмердүүлүгү:

  • Илимий журналдардагы макалалардын жана 26дан ашык илимий эмгектердин автору.
  • Ж. Баласагын атындагы КУУ жана И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Педагогика жана окутуунун методикасы боюнча бириккен диссертациялык кеңешинин мүчөсү.
  • Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.
  • «КЭАУ» ОИӨКнын Табигый-илимий дисциплиналар кафедрасынын «Жогорку окуу жайларында табигый-илимий дисциплиналарды окутууда электрондук билим берүү ресурстарын (ЭБР) түзүү жана пайдалануу маселелерин изилдөө» аттуу илимий темасынын жетекчиси.
"Билим берүү — бул цивилизациянын трансляциясы (муундан муунга өтүшү)."