«STEP IN FUTURE» өздүк өнүгүү борбору - Борбордук кампус

«STEP IN FUTURE» өздүк өнүгүү борбору

«STEP IN FUTURE» өздүк өнүгүү борборунун башчысы

 Зайнилова Наргиза Керимакуновна

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л. Толстой көч., 17а/1, каб. 410

Тел: 0312 351209

E-mail: zainilova@mail.ru 

softskills.iuk@gmail.com

 

Жетектөөчү адис:

Оторбаева Асель Кайнарбековна

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л. Толстой көч., 17а/1, каб. 410

Тел: 0312 351209

E-mail: aselotorbaeva93@gmail.com

softskills.iuk@gmail.com

Жетектөөчү адис:

Кельдибаева Наргиза Бексултановна

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л. Толстой көч., 17а/1, каб. 410

Тел: 0312 351209

E-mail: erbolerdan84@gmail.com

softskills.iuk@gmail.com

Адис:

Кенеш кызы Айзада

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л. Толстой көч., 17а/1, каб. 410

Тел: +996505350411

E-mail: aizadakeneshkyzy@gmail.com

softskills.iuk@gmail.com

2022-жылдын 1-сентябрында «STEP IN FUTURE» өздүк өнүгүү борбору ачылды. Борбор SOFT SKILLS ийкемдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.

Ийкемдүү көндүмдөр – бул кесипке көз каранды болбогон, бирок адамдын ийгилигине түздөн-түз таасир этүүчү универсалдуу социалдык-психологиялык сапаттар.

Борбордун максаты студенттерде байланыш жүргүзүү көндүмдөрүн, сынчыл ой жүгүртүүлөрдү, чыгармачылыкты, уюштуруучулукту, чыр-чатактарды (пикир келишпөөчүлүктөрдү) чечүү жөндөмдөрүн, ынандыруу көндүмдөрүн, жамаат менен иштөө, адаптациялык ж.б.у.с. көндүмдөрдү өнүктүрүү болуп саналат. Бул сапаттар адамдын мүнөзүнө жараша да болот, ошондой эле тажрыйба аркылуу калыптандырууга да болот.

«STEP IN FUTURE» өздүк өнүгүү программасын аяктагандан кийин студент:

  • өзүнүн жеке жана кесиптик максаттарын так калыптандырууга;
  • өзүнүн баалуулуктарын түшүнөт жана ишенимине ылайык байланыштарды түзүүгө;
  • талдоо жүргүзүүнүн негизинде чечимдерди кабыл алууга;
  • организмдин кантип иштешин түшүнөт жана бакубаттуулуктун негизги параметрлерин көзөмөлдөй алууга;
  • ден соолукту чыңдоо боюнча максаттарды коёт жана аларга жетүүнүн ыкмаларын өздөштүрүүгө;
  • өзүнүн эмоцияларын башкара алууга;
  • башкалардын жүрүм-турумуна таасир этүү жөндөмүнө ээ болууга;
  • чыр-чатактарды алдын алуу жана чечүүгө;
  • маектешинин ниетин чечмелей билүүгө;
  • ынандыруу жана ишенимди жаратуу;
  • натыйжалуу баарлашуу стилин иштеп чыгууга;
  • баарлашууда өз пикирин коргоого;
  • жаматта жана өнөктөштөр менен тил табышууну билүүгө;
  • Сүйлөшүү чеберчилигин жана түрдүү маданияттардагы баарлашуунун өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүүгө ээ болот.

Студенттин жыйынтыктоочу сынагы – бул өздүк өнүгүүнүн презентациясы болуп саналат жана окууну аяктагандан кийин студенттерге сертификаттар берилет.

«STEP IN FUTURE» өздүк өнүгүү программасын ийгиликтүү бүтүрүүчүнүн портфолиосун түзөт!