Дубай конференциясы – Кыргызстандын Тоо-кен күн тартибиндеги лидерликке ташталган кезектеги кадамы - Борбордук кампус

Дубай конференциясы – Кыргызстандын Тоо-кен күн тартибиндеги лидерликке ташталган кезектеги кадамы

30-ноябрдан 12-декабрга чейин Дубайдагы Бириккен Араб Эмиратынын чоң шаарында БУУнун климат боюнча конференциясы болуп өттү. Ал Кыргызстан үчүн тарыхый жана өтө маанилүү маселелерден болуп эсептелет. Буга күнөм саноого болбойт. Анткени, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун эл аралык коомчулукка жасаган аракеттери жана кайрылуулары тоо экосистемаларынын маанилүүлүгү жана ролу, тоолуу региондордогу калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу, климаттын глобалдык өзгөрүү шарттарында алардын чабалдыгы жана бул багыт боюнча жургүзүлгөн сүйлөшүү колдоого гана алынбастан, тажрыйба жүзүндө ишке ашырууга да ээ болду. Мамлекет башчысынын жасаган бул кадамдары Кыргызстан үчүн глобалдык сүйлөшүүнүн катышуучусу болуу менен гана чектелбестен, БУУнун тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча бекитилген беш жылдык иш-аракеттер планынын иш-чараларын күчөтүүгө жана 2027-жылы “Бишкек+25″ тоо Саммитин татыктуу өткөрүүгө да мүмкүндүк берет.

Конференция “Глобалдык жыйынтыктарды чыгаруу” деген белгилүү аталыш процессинин туу чокусу болуу менен – климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга жана Кыргызстан да кирген аярлуу өлкөлөр үчүн каржылык колдоону мобилизациялоого жетишүүдөгү азыркы учурда жетишилген прогресске баа берүү да болуп калды.

Президент С.Н. Жапаров Глазгодогу БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин Саммитинде жана Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында айткан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо, өзгөчө тоолордун дүйнө үчүн маанисин кеңири таануу жана тоолуу аймактардын калкы туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу жагынан барган сайын маанилүү болуп баратат.

11-декабрда Кыргызстан Эл аралык университетинде эл аралык тоо күнүнө арналган “Тоо экосистемаларын калыбына келтирүү” тегерек столу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун тоолуу аймактарда жашаган калктын жакырчылыгын жоюу максатында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү колдоо жана камсыз кылуу боюнча дүйнөлүк коомчулукка чакырыгына, ошондой эле бул багытта финансылык колдоо механизмин камсыз кылуу зарылдыгына кайрадан көңүл бурууга мүмкүндүк берди.

2002-жылы Эл аралык тоо жылын өткөргөндөн кийин Кыргызстандын тоо тармагын туруктуу өнүктүрүүгө олуттуу жардам көрсөткөн бир катар долбоорлорду республикага тартууга мүмкүн болгонун белгилеп кетким келет. Тилекке каршы, тоо жылын өткөргөндөн кийин республиканын жаңы шайланган президенттерине кайрылууларым жоопсуз калды.

Ал эми президент С.Н. Жапаров гана тоону туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Анын колдоосу менен 2022-жылы Эл аралык туруктуу тоо өнүгүү жылы өттү. Учурда БУУнун резолюциясына ылайык тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер жүрүп жатат.

Тоолуу мамлекеттердин глобалдык лидери катары Республиканын Президентинин активдүү ролу тоолуу Кыргызстандын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем.

А.А. Айдаралиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси