- Борбордук кампус факультети
- Докторантура (PhD)
- Магистрдин деканаты
- Билим берүү бөлүмү
- Мониторинг жана сапат бөлүмү
- Эл аралык бөлүм
- Маданий-билим берүү жана тарбиялык иштер борбору
- Илим бөлүмү
- Маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү бөлүмү
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү кызматы
- Инновациялык дистанттык окутуу факультети
- Кызматкерлерди башкаруу бөлүмү
- Эсеп-кысап бөлүмү
- Илимий китепкана
- Өнүктүрүү бөлүмү
- Техникалык тейлөө бөлүмү
- Ден соолукту чыңдоо комплекси
- Архив
Наматбекова Нурзат Муканбетовна
Илим бөлүмүнүн башчысы
саясий илимдердин кандидаты, доцент
Байланыш маалыматтары:
Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,
Лев Толстой көчөсү 17А/1, 605-иш бөлмөсү.
Телефон: (0312) 35-12-40
электрондук почта: science@iuk.kg
Мырзабаева Наргиза Мырзабековна
Жетектөөчү адис
Байланыш маалыматтары:
Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,
Л. Толстой көчөсү 17А/1, 605-иш бөлмөсү
Телефон: (0312) 35-12-40
электрондук почта: science@iuk.kg
Илим бөлүмү
Илим бөлүмү университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана Эл аралык медицина мектебинин, «Nomad» колледжинин, гуманитардык-техникалык кафедралардын жана кызматкерлердин илимий ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жана аны координациялоону «КЭАУ» ОИӨКнын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.
Илим бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн максаты — табигый, техникалык, гуманитардык жана медициналык илимдер чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн университеттин профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлеринин жана билим алуучуларынын илимий жана илимий-инновациялык ишмердүүлүгүн активдештирүү болуп саналат.
Илим бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:
- Илимий ишмердүүлүктү учурдагы жана келечектүү пландаштыруу боюнча иштерди уюштурат;
- Фундаменталдык, колдонмо жана инновациялык изилдөөлөр, эл аралык программалар жана долбоорлор боюнча ИИИнин документтерин координациялоону жана коштоону ишке ашырат, алардын иш жүзүнө ашырылышына көмөктөшөт;
- ИИИлерди колдонуу тажрыйбасын талдайт, жалпылайт жана фундаменталдык өзгөчө жана колдонмо илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого катышат;
- Университеттин илимий жетишкендиктерин жайылтат, эл аралык жана республикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, кеңешмелерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
- Студенттердин ИИИлерди аткаруусуна тартуу боюнча уюштуруучулук жана практикалык иш-чараларды өткөрөт;
- Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ИИИ пландарын аткаруу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт жана талдайт;
- Университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгү боюнча статистикалык отчеттук маалыматтарды жана маалыматтарды даярдайт;
- Окутуучуларды, студенттерди, магистранттарды жана PhD докторанттарды университетте аткарылып жаткан илимий-изилдөө иштерине тартуу аркылуу илимий изилдөөлөрдүн окуу процесси менен байланышын чыңдайт;
- Студенттердин жана жаш адистердин ичинен эң жөндөмдүү жана таланттууларын Университеттеги илимий жана инновациялык ишмердүүлүккө тартуу менен алардын илимий дараметин өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- Белгиленген тартипте Илим бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана негизги багыттары тууралуу докладды даярдоону жана сунуштоону ишке ашырат;
- Университеттин илимий-техникалык көргөзмөлөргө катышуусун уюштурат, жүргүзүлүп жаткан долбоорлорго, инновациялык иштеп чыгууларга, техникалык жана илимий жетишкендиктерге тиешелүү маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырат.
