Илимий китепкана - Борбордук кампус

Илимий китепкана

Асанова Жылдыз Шариповна

Илимий китепкананын директору

 

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү 17а/1, Жаштар борбору, 201-иш бөлмөсү

Тел: 64-23-48

E-mail: library@iuk.kg

Джапарова Гульмая Кудайбергеновна

Абонемент бөлүмүнүн башкы

китепканачысы

 

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү 17а/1, Жаштар борбору, 102-иш бөлмөсү

Тел: 64-23-48

E-mail: library@iuk.kg

Турсуналиева Алымкан Сагынбаевна

Окуу залынын башкы китепканачысы

 

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү 17а/1, Жаштар борбору, 101-иш бөлмөсү

Тел: 64-23-49

E-mail: library@iuk.kg

Илимий китепкана

Китепкана университеттин маалыматтык түзүмүнүн эң маанилүү бөлүгү. Китепкананын максаты – илимди жана жогорку билимди маалыматтык жактан колдоо. Демек, фонд университеттин илимди, изилдөөлөрдү, иштеп чыгууларды жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринен түзүлөт.

Китепкананын ресурстары:

  • Салттуу басма басылмалар
  • Электрондук китептер
  • Электрондук маалымат базалары
  • Электрондук каталогдор
  • Ачык архивдер (университеттин профессордук-окутуучулук курамынын жарыяланган толук тексттүү эмгектери, университетте корголгон диссертациялар, КЭАУ жарчысынын макалалары, конференциялардын макалалары)
  • Кол коюлган лицензиялык билим берүүчү эл аралык маалыматтар базалары
  • Ачык билим берүүчү маалымат базалары

Бул ресурстар университеттин билим берүү процессин жана илимий ишмердүүлүгүн камсыз кылууга багытталган, колдонуучу (окурмандар), китепкананын бардык бөлүмдөрүндө жана китепкананын сайтында аралыктан окуу режиминде эркин кире алышат.

Илимий китепкананын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

  • Студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды, профессордук-окутуучулук курамды, илимий кызматкерлерди жана университеттин башка кызматкерлерин китепканалык-библиографиялык, маалыматтык тейлөө.
  • Университеттин билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүнө ылайык маалыматтык ресурстар фондун сапаттуу түзүү.
  • Китепканалык-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана сапатын жогорулатуу
  • Китепкананын бардык ишмердүүлүгүнө заманбап китепканалык-маалыматтык технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү.
  • Колдонуучулардын (окурмандардын) маалыматтык маданиятын, маалыматтык ресурстарды издөө жана сарамжалдуу пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу.
  • Башка системалардын жана ведомстволордун китепканалары менен долбоорлорго катышуу, координациялоо жана кызматташуу.
  • Окурамынын илимий эмгектери 2024-2025