Ханнс Зайдель фонду менен биргелешкен магистрдик программа - Борбордук кампус

Ханнс Зайдель фонду менен биргелешкен магистрдик программа

«Коммерциялык эмес уюмду башкаруу» магистрдик программасы

«КЭАУ» ОИӨКнын «Менеджмент» багыты боюнча «КэУну башкаруу» магистрдик программасы Ханнс Зайдель фонду менен биргеликте 2021-жылдын ноябрь айынан бери ишке ашырылып келет.

2021-жылдын 16-июнунда «КЭАУ» ОИӨК КэББМ менен Ханнс Зайдель фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Меморандумдун алкагында Тараптар билим берүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эксперттерди тартуу тармагында кызматташууну демилгелешкен.

Магистрдик программанын алкагында 2021-жылдын 11-сентябрынан 13-сентябрына чейин Ысык-Көлдө «Коммерциялык эмес уюмду башкаруу: жаңы чакырыктар жана тенденциялар» аттуу потенциалды күчөтүү мектеби өткөрүлдү.

Максаты: «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин базасында «КэУну башкаруу» магистрдик программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн КэУну башкаруу чөйрөсүндө магистрлерди даярдоодо заманбап талаптарга жооп берген, натыйжалуу окуу программасын иштеп чыгуу, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын, КэУ мүчөлөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу.

Жаңы тапшырган магистранттардын катарында бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, долбоорлордун координаторлору менен менеджерлери жана эл аралык уюмдардын жаш кызматкерлери бар.

Профессордук-окутуучулук курам кесиптик чөйрөдө бай практикалык тажрыйбасы бар, өз тармагындагы таанымал эксперттерден, ошондой эле тажрыйбалуу жана квалификациялуу штаттык окутуучулардан куралган.

Магистратурага кабыл алуу шарттары

«Билим берүү программасы жөнүндө маалымат»