Окумуштуулардын жана окутуучулардын эл аралык илимий тажрыйбалык конференциясы - Борбордук кампус

Окумуштуулардын жана окутуучулардын эл аралык илимий тажрыйбалык конференциясы

2022-жылдын 22-апрелинде “Кыргызстан Эл аралык университети” ОИӨКнын Казак Эмгек жана социалдык мамилелер Академиясы жана “Мирас “университетинин мекемеси менен биргеликте: “Билим берүүнүн заманбап модели: көйгөйлөр, тенденциялар жана келечеги” темасында эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү.

Конференциянын алкагында билим берүүдө заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүүнүн олуттуу маселелери, заманбап билим берүүнүн тенденциялары жана келечеги каралды.

Конференциянын катышуучулары өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүшүп, заманбап билим берүүнүн көйгөйлөрүн, тенденцияларын жана  келечеги тууралуу талкуулашты, ошондой эле мындай жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, аны туруктуу иштеген эл аралык илимий-тажрыйбалык аянтчага өзгөртүүнү сунушташты.

Конференцияга Казак Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын, “Мирас” университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин, Ош технологиялык университетинин, Кыргыз-Казак университетинин, Азия инновациялык колледжинин окутуучулары, окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү катышты.