Заманбап дүйнөдөгү киберкоопсуздук - Борбордук кампус

Заманбап дүйнөдөгү киберкоопсуздук

2026-жылдын 21-январында Парк мейманканасынын конференц-залында “Киберкоопсуздук: уюштуруучулук жана укуктук процесстер, эл аралык жана улуттук стандарттар, көйгөйлөр, коркунучтар, кыйынчылыктар жана алардын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна тийгизген таасири” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Аны Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасы, Кыргызстан юристтеринин ассоциациясы жана Борбордук Азия үчүн Конрад Аденауэр фонду (Германия) менен биргеликте уюштурган.
Иш-чарага 60тан ашык адам катышты. Укук жана эл аралык укук кафедрасынын атынан генерал-майор, юридикалык илимдердин доктору, профессор Б.М. Алымбеков жана юридикалык илимдердин доктору С.Б. Карабалаева катышты.
Конференциянын жүрүшүндө төмөнкүлөрдүн ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду:
• Ж. Баласагын атындагы КУУ, Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Актөбө юридикалык институту жана Москва мамлекеттик университетинин Тажикстан Республикасындагы филиалы.
• “Кыргызстандын Эл аралык университети” академиялык консорциуму жана Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Актөбө юридикалык институту.
• Тажикстан Республикасындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жана Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Актөбө юридикалык институту.
Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.