Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” унгужолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Доктринасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жогорку окуу жайлардын проректорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар уюштурулуп, ага Борбордук кампустун окуу-административдик иштер боюнча проректору ю.и.д, доцент С.Б. Карабалаева катышты. Окутуу курстары 2026-жылдын 26-январынан 2-февралына чейин Улуттук илимдер академиясында өткөрүлдү. Соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Бул Жарлыкты иш жүзүнө ашыруу жана мындан ары жайылтуу максатында биздин окуу жайда илимий-практикалык конференциялар, семинарлар жана иш-чаралар өткөрүү пландалды.




