Журнал тууралуу
Негиздɵɵчүсү: “КЭАУ” ОИӨК КэББМ
ММК каттоо жөнүндө күбөлүк №10344, 2024-жылдын 26-июлунда берилген
ISSN №1694-8912
DOI: 10.53473
Чыгаруу мезгилдүүлүгү – жылына 4 жолу
Тиражы – 200 нуска
1 санынын көлөмү – 150-300 бет
Таркатуу аймагы – Кыргызстан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр
Илимий багыттары – мультидисциплинардык
Дареги: Лев Толстой көчөсү, 17а/1, Бишкек шаары, 720007, Кыргыз Республикасы
Телефону: (+996 312) 642337, электрондук почтасы info@muk.iuk.kg
«Journal of Academic Studies» илимий–билим берүү журналынын концепциясы
Журналдын башкы максаты – ар кандай тармактардагы толук изилдөө макалалары, оригиналдуу, мурда жарыяланбаган комментарийлер, маалыматтык документтер жана жаңы басылмалардын сын-пикирлери сыяктуу ар кандай форматтагы инновациялык мүнөздөгү изилдөөлөрдү жарыялоо үчүн платформа түзүү.
Журналды чыгаруунун негизги максаттары:
- университеттин профессордук-окутуучулук курамынын, илимий кызматкерлеринин, студенттеринин, аспиранттарынын, докторанттарынын жана илимий изденүүчүлөрүнүн илимий-изилдөө, илимий-педагогикалык жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын чагылдыруу, ар кандай илимий багыттар боюнча теориялык жана маалыматтык материалдарды жарыялоо.
- Университеттик чөйрөнүн илимий компонентин калыптандыруу, Университеттин илимий институттарынын жетишкендиктерин жайылтуу, натыйжалуу илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн камсыз кылуу;
- илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга, илимий идеялардын жана эмгектердин экспертизасынын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзгөн ачык илимий талаш-тартыштарды кубаттоо;
- университеттин окуу процессине алдыңкы илимий жетишкендиктерди киргизүү үчүн илимий потенциалды аныктоо;
- Университеттин кафедраларынын, илимий борборлорунун, институттарынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн изилдөөчүлөр топторунун илимий проблемаларын чагылдырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;
- башка ЖОЖдордун, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн башка илимий жана басма борборлору менен илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшүү;
- Университеттин брендин билим берүү жана илимий чөйрөлөрдө эл аралык аренада илгерилетүү.
Журнал жылына 4 саны чыгуучу басма түрүндө чыгарылат. Редакциялык коллегиянын чечими менен журналдын атайын чыгарылыштары түзүлүп, ага тиркемелер жарыяланышы мүмкүн. Журналда жарнамалык мүнөздөгү илимий маалыматтар басылышы мүмкүн.
Журналдын максаттуу аудиториясы болуп географиялык жайгашкан жерине карабастан окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери, илимий кызматкерлер, изилдөөчүлөр, тажрыйбалуу адистер, эксперттер ж.б. саналат.
“Journal of Academic Studies” журналы рецензияланган журнал болуп саналат. Илимий-теориялык мүнөздөгү макалалар “Кол жазмаларды рецензиялоо тартиби жөнүндөгү жобого” ылайык оң рецензия болгондо гана жана макалалардын кол жазмаларын даярдоого коюлган жалпы талаптардын эрежелерине жооп берген учурда гана жарыяланат.
“Журнал жөнүндөгү жобо”
