Илимий макаланы жазуу талаптары жана эрежелери - Борбордук кампус

Илимий макаланы жазуу талаптары жана эрежелери

ИЛИМИЙ МАКАЛАНЫ ЖАЗУУ ТАЛАПТАРЫ ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРИ  

1. Жарыялоо саясаты

 Илимий макалалар көлөмү боюнча 5 беттен кем эмес жана 10 беттен ашпашы керек. Көлөмү 10 беттен ашкан макалалар редакциялык коллегиянын жетекчилигинин алдын ала макулдугунан кийин кабыл алынышы мүмкүн.

  1. Жарыялоонун жалпы жол-жоболору жана талаптары

Кароого келип түшкөн макалалар анонимдүү рецензиялоо, плагиаттын бар-жогун текшерүү жана журналдын талаптарына ылайык жасалгалоо сапатын баалоо жол-жобосунан өтөт. Даярдалган макаланын электрондук версиясын Word форматында журналдын редакциясына төмөнкү дарек боюнча жөнөтүү керек: editor.erpc.iuk@gmail.com.

  1. Макаланын түзүлүш тартиби

Шрифттин түрү Times New Roman. Сап аралык 1.0, кадимки стилде.

Макала төмөнкү стилде жана тартипте түзүлүшү керек.

 

Бөлүмдөр

Эскертүүлөр

УДК,

Аталышы

Times New Roman 14 pt. УДК сол жактагы жогорку бурчта жайгашат, ал эми аталышы саптын ортосунда жайгашат.

Автордун (авторлордун) аты-жөнү, ORCID

Саптын ортосунда жайгашкан. Times New Roman 12 pt ORCID: 1234-1234-1234-1234

Жумуш же окуу орду жана бир электрондук почта дареги

Times New Roman 12 pt. Саптын ортосунда жайгашкан. 

Аннотация жана негизги сөздөр

Times New Roman 9.5 pt.

Макала журналга кыргыз, орус, англис тилдеринде берилиши мүмкүн. Аннотациянын көлөмү 150-300 сөздөн кем болбошу керек. Авторлорго жетиге чейин ачкыч сөздөрдү же сөз айкаштарын жазуу сунушталат. Макаланын аталышынын, аннотациянын, ачкыч сөздөрдүн, автордун аты-жөнүнүн, кызматынын жана иш ордунун кыргыз, орус, англис тилдериндеги котормосун берүү зарыл.

Бөлүмдөрдүн аталыштары

Тексттин сол жагында жайгашуусу керек; бардык негизги аталыштар жана андан кийинки кичи аталыштар араб цифралары менен номерлениши керек (1, 1.1, 1.2; 2, 2.1, 2.2 жана башкалар). Times New Roman 10 pt.

Макаланын тексти

Times New Roman 10 pt аралыгы 1.0 болгон, кадимки стилдеги сап аралыгында. Төрт негизги бөлүмдөн турган IMRaD (Introduction, Methods, Results and Discussion) структурасын колдонуу сунушталат: “Киришүү”, “Методдор”, “Жыйынтыктар” жана “Талкуу”.

Сүрөттүн аталышы (эгер бар болсо)

“Times New Roman 9,5 pt өлчөмүндө, сүрөттүн ылдый жагына, ортого жайгаштырылып, булагы же автордук укук ээси көрсөтүлсүн. Сүрөттөр деп схемалар, диаграммалар, чиймелер, графиктер, сүрөттөр, карталар ж.б. түшүнүлөт. Сүрөттөр *PDF, *TIF, *JPG форматында, окууга жана басып чыгарууга ылайыктуу болушу керек. Сүрөттүн астындагы жазуудан кийин чекит коюлбайт.”

Таблицанын аталышы (эгер бар болсо)

Times New Roman 9,5 pt, аталышы таблицанын жогорку бөлүгүндө жана борборунда. Төмөнкү бөлүгүндө илимий булак же түзүүчү көрсөтүлсүн. Таблицалар *PDF, *TIF, *JPG форматында, басып чыгарууга жана окууга ылайыктуу болсун. Бардык таблицалардын аталыштары болушу керек.

Ыраазычылык 

Зарыл болгон учурда, жарыялоону даярдоодогу колдоо, каржылоо же техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат берилет. 

Адабияттар тизмеси

Times New Roman 10 pt.

 

  1. Шилтемелерди жана цитаталарды жазуу

Шилтемелер Гарвард цитаталоо стилинде көрсөтүлүшү керек. Мисалы, (Kreutzmann, 2022; Dörre, 2016). Англис тилиндеги жарыялоолордун авторлорунун фамилиялары кириллицага транслитерацияланбайт жана түп нускасында кандай болсо ошондой жазылат. Цитата келтирилген эмгектерден алынган текст булактын барагынын номерин камтышы керек. Мисалы, (Aidaraliev, 2022:16), (Anarbaev and Schmidt, 2020:15), (Aidaraliev et al., 2022:5)

Мисалы, Кыргызстандын тоолуу экосистемалары жаратылыш ресурстарына бай (Айдаралиев, 1995) же Айдаралиев айткандай (2022:12) “Дүйнө жүзүндөгү тоолор окшош, бирок тоолордун көйгөйлөрү бардык жерде бирдей эмес”.

  1. Адабияттардын тизмеси

Адабияттар тизмесине рецензияланган булактарды, илимий журналдардагы макалаларды жана монографияларды гана киргизүүнү жана макаланын текстинде эскерилген бардык булактарды кошууну сунуштайбыз. Адабияттар тизмесине авторефераттарды, магистрдик иштерди, окуу куралдарын, сайттардан алынган маалыматтарды жана коомдук-саясий гезиттердеги макалаларды киргизүүгө болбойт. Эгерде бир эле автордун (авторлордун) бир эле жылы жарыяланган эмгектери болсо, жарыяланган жылдан кийин a, b, c жана андан ары тамгаларын кошуу керек. Мисалы, Айдаралиев, 2002a; Айдаралиев, 2002b. Текстте келтирилген бардык шилтемелер биринчи автордун фамилиясы боюнча алфавиттик тартипте жайгаштырылышы керек.