Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде Кыргызстан эл аралык университетинде «Уңгу жол – туруктуу өнүгүүнүн, «Манас» эпосу мамлекеттик идеологиянын башаты» аттуу иш чара 2025-жылдын 5-декабрында болуп өттү.
Университеттин алкагында өткөрүлгөн бул иш чаранын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон улуттук идеологиянын пайдубалын аныктоо жана анда “Манас” эпосунун ролун илимий-теориялык жактан негиздөө болду.
Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы – Исаков Рыспай Рахманович жана башка окумуштуулар, манас таануучулар, магалимдер жана студенттер катышты.
Иш чара “Манас” эпосу — жөн гана адабий мурас эмес, ал Кыргызстандын эртеңки келечегин аныктай турган руханий жана идеологиялык уңгу деген жалпы тыянак менен аяктады.








