“КЭАУ” ОИӨК КэББМдин окумуштуулар кеңеши - Борбордук кампус

“КЭАУ” ОИӨК КэББМдин окумуштуулар кеңеши

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин окумуштуулар кеңеши

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин окумуштуулар кеңеши университеттин жалпы жетекчилигин ишке ашыруучу коомдук-кесиптик өкүлчүлүктүү башкаруу органы болуп саналат.

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин окумуштуулар кеңешинин ишинин максаты – университеттин учурдагы жана келечектүү ишмердүүлүгүнүн багыттарын аныктоо, университеттин жетекчилигинин, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, окуу-көмөкчү персоналдын аракеттерин заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого бириктирүү, университеттин окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбиялык ишмердүүлүгүн координациялоо болуп саналат.

Окумуштуулар кеңешинин негизги милдеттери:

  • университеттин түзүмүн аныктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • кесиптик билим берүүнүн негизги жана кошумча программалары боюнча адистерди даярдоонун жаңы багыттарын ачуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
  • билим берүү программаларын жана окуу пландарын бекитүү;
  • университеттеги окуу, илимий жана тарбиялык ишти регламенттеген негизги жоболорду бекитүү;
  • ректорду, декандарды жана кафедра башчыларын шайлоо процедурасын аныктоо жана уюштуруу;
  • илимий наамдарды ыйгаруу жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөө маселелерин кароо;
  • университеттин жылдык киреше жана чыгаша сметасын бекитүү, алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду угуу;
  • ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү стратегиясын аныктоо, бюджеттен тышкаркы жана башка каражаттарды университеттин өндүрүштүк жана социалдык муктаждыктарына бөлүштүрүү;
  • эл аралык жана ЖОЖдор аралык кызматташуу маселелерин чечүү;
  • «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин ардактуу наамдарын ыйгаруу.

Окумуштуу катчы – саясий илимдердин кандидаты, доцент Наматбекова Нурзат Мукамбетовна

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Л. Толстой көчөсү 17а/1, №605 иш бөлмөсү.

Телефондору: 35-12-40

Email: uchenyjsovet.muk@mail.ru

  • Окумуштуу катчынын 2020-2021-окуу жылына карата иш планы
  • Окумуштуу катчынын 2022-2023-окуу жылына карата иш планы