2026-жылдын 26-майында «КЭАУ» ОИӨКтүн Чыгыш кампусуна Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин делегациясы, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюитинин жетекчилигинин астында келишти.
«КЭАУ» ОИӨКтүн ректору Е. Ю. Савченко менен жолугушуу болуп, анда академиялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Коноктор «Филология» кафедрасынын япон тили кабинетине барышып, андан соң Япониянын Элчиси студенттер менен жолугушту. Катышуучулар үчүн концерттик программа даярдалып, жолугушуунун соңунда суроо-жооп бөлүгү өткөрүлдү. Студенттер Элчи менен активдүү баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, япон маданиятына, билим берүү системасына жана тилине чоң кызыгуу көрсөтүштү. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.
«КЭАУ» ОИӨК Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигине иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары да бекемделет деген үмүтүн билдирет.
Жолугушууга Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин өкүлдөрү катышты:
ХИРАНО Рюити – Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Жорупбекова Каныкей – Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин маалымат жана маданият бөлүмүнүн кызматкери.
«КЭАУ» ОИӨК тарабынан төмөнкүлөр:
Е. Ю. Савченко – «КЭАУ» ОИӨКтүн ректору;
К. М. Осмонбаева – Чыгыш кампусунун окуу-административдик иштери боюнча проректору;
Ж. Ф. Молдокеева – эл аралык бөлүмдүн башчысы;
З. К. Караева – «Филология» кафедрасынын башчысы;
Чыгыш кампусунун мугалимдери жана студенттери катышты.








