Бурана мунарасына саякат - Борбордук кампус

Бурана мунарасына саякат

Кыргызстан эл аралык университетинин 1-курсунун студенттери тарыхый-маданий мурастар менен жакындан таанышуу максатында Бурана мунарасына саякат уюштурушту. Саякаттын жүрүшүндө студенттер мунаранын тарыхый мааниси, анын курулуш өзгөчөлүктөрү жана Борбор Азия цивилизациясындагы орду тууралуу кызыктуу маалыматтарды угушту. Ошондой эле алар артефакттарды, балбал таштарды жана тарыхый эстеликтерди көрүп, ата-бабалардын мурастарына болгон урматын тереңдетишти. Бул саякат студенттер үчүн билимди практика менен айкалыштырып, тарыхка болгон кызыгуусун арттырган баалуу тажрыйба болду.