2025-жылдын 27-октябрынан 13-ноябрына чейин Шымкент университети (Казакстан) менен UIC “MUK” ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында өнөктөш университеттин экономика, лингвистика жана филология адистиктери боюнча экинчи курс магистранттары магистранттар үчүн академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу максатында гибриддик изилдөө стажировкасынан өтүштү. Ошондой эле магистранттар үчүн конок лекциялары өткөрүлдү. Конок лекцияларынын жүрүшүндө биздин магистранттар көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алышты!


