IT багытынын студенттери ASIA INNOVATION FORUMга катышышты - Борбордук кампус

IT багытынын студенттери ASIA INNOVATION FORUMга катышышты

2026-жылдын 18–19-ноябрында Бишкектеги Жаштык Аренада санариптик технологияларды, жасалма интеллектти, финансылык инновацияларды жана блокчейнди өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум болгон ASIA INNOVATION FORUM ’26 өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстан Эл аралык Университетинин Компьютердик маалыматтык системалар жана башкаруу (CIMS) кафедрасынын студенттери катышты.

Форумга IT тармагынын алдыңкы эксперттери, технологиялык компанияларынын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты. Катышуучулар жасалма интеллект, санариптик экономика, киберкоопсуздук жана инновациялык технологиялар жаатындагы учурдагы тенденцияларды талкуулашты.

Форумга катышуу студенттерге кесиптик билимдерин кеңейтүүгө, алдыңкы IT чечимдери жөнүндө билүүгө жана санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн келечегин изилдөөгө мүмкүндүк берди.

Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуп, инновацияга жана изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырат.