ДИПЛОМ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ — 2026 - Борбордук кампус

ДИПЛОМ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ — 2026

2026-жылдын 30-сентябрында «КЭАУ» ОИӨК Жаштар борборунда күндүзгү жана сырттан окуу формаларындагы бакалавриат жана магистратура бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

«КЭАУ» ОИӨК   ректору Савченко Е. Ю. бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөзүн айтып, ак жол каалоо менен мамлекеттик үлгүдөгү артыкчылык дипломдорун жеке өзү тапшырды.

Мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду ошондой эле окуу-административдик иштер боюнча проректор Карабалаева С. Б. жана университеттин декандары тапшырышты.

Майрамдык иш-чарага өзгөчө маанай тартуулаган учурлардын бири — студенттерге билим жана тажрыйба берип, ар дайым колдоо көрсөтүп, шыктандырып келген окутуучуларга жана насаатчыларга айтылган чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрү болду.

Бул маанилүү күн билим алуудагы чоң этаптан аяктап, жаңы кесиптик жолдун башталышынын символу болду.

Бүтүрүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Кесиптик ийгиликтерди, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана зор жетишкендиктерди каалайбыз!

Ак жол!