Кыргызстан – Түркия: билим берүү тармагындагы кызматташтык - Борбордук кампус

Кыргызстан – Түркия: билим берүү тармагындагы кызматташтык

2026-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде ОИӨК «Кыргызстан Эл аралык университетинин» өкүлдөрү: Эл аралык болүмдун башчысы Женишкүл МОЛДОКЕЕВА жана жетектоочу адиси Гулиза ЗАМИРБЕК  менен Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси Зеки СЕВЕРОГЛУ ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, Түркиянын жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана академиялык демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого болгон өз ара кызыкчылыкты тастыктады.

УНПК «Кыргызстан эл аралык университети» жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнү улантууда!