Кыргыз терминологиясынын өнүгүшүү боюнча тегерек стол - Центральный Кампус Международного Университета Кыргызстана

Кыргыз терминологиясынын өнүгүшүү боюнча тегерек стол

“Коомдун, илимдин, техниканын өнүгүшүнө байланыштуу кыргыз терминологиясынын калыптанышы”
аттуу теманын тегерегинде
2024-жылдын 20-февралында «Кыргызстан эл аралык университети» Окуу илимий-өндүрүштүк комплексинин алдында уюшулган мамлекеттик тилди өнүктүрүү кызматынын демилгеси менен 21-февраль Эл аралык Эне тил күнүн утурлай, “Кыргызстан эл аралык университети” Окуу илимий-өндүрүштүк комплексинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясынын уюштуруу иштеринин жетектөөчү адиси Кадырова Зинат Туратбековна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы «Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун» директору Байгуттиев Сейтек Сейтбекович, бөлүм башчы Осмоналиев Темирбек Өзгөрүшович жана терминкомдун мүчөсү Кадыров Ысмайыл, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун мамлекеттик тил жана социолингвистика бөлүмүнүн башчысы Жамашева Гульнара Зулумбековна, ушул эле бөлүмдүн жетектөөчү илимий кызматкери Давлетов Мухтар Самакович, академиянын кызматкерлери, КУУнун доценти Султаналиев Ишенбек, И. Арабаев атындагы мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Жумалиев Самат Субанкулович жана университеттин профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда, кыргыз терминологиясынын бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги тууралуу маанилүү ойлорду камтыган кереге кеңеши болуп өттү. Жыйынтыгында бул ойлор кагаз бетине жазылып эле калбастан, буга мамлекеттик деңгээлде маани берилиши керек экендиги, тармактык терминдик сөздүктөрдү түзүү жана жаңылоону колго алуу маселеси менен тиешелүү кызмат адамдарына кайрылуу зарылдыгы сунушталды.