Илимий-изилдөө алкагында тажрыйба жогорулатуу - Центральный Кампус Международного Университета Кыргызстана

Илимий-изилдөө алкагында тажрыйба жогорулатуу

2023-жылдын 13-ноябрынан 23-ноябрына чейин Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын окутуучулары Тумонбаева М. Ж. жана Мырзакматова М. О. Түркия мамлекетинде Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетинин “Азыркы түрк тилдери жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүндө алфавиттерди системага келтирүү маселелери жана аларды чечүү жолдору” аттуу эл аралык семинарга катышышты. Тажрыйба жогорулатуунун жүрүшүндө кафедранын окуу-илимий иштери, докторантура PhD боюнча илимий-изилдөө иштери, конок лекцияларын өтүү, тажрыйба алмашуу иштеринин планына ылайык келет. Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан чакырылган профессордук-окутуучулук курам эки тараптуу келишимдерге ылайык илимий-изилдөө жана билим берүү иш-чараларына катышышты. Тышкы байланыштар департаментинин координатору, профессор Ташкин Өзташ ЖОЖдор аралык кызматташуу мындан ары өнүгүү үчүн колдон келген иштердин бардыгын жасоого аракет кылып жатышканын белгиледи.